Temirov Live’дын негиздөөчүсү, иликтөөчүлөрү журналист Болот Темиров чөнтөгүнө баңгизат салып коюуга мүмкүнчүлүгү болгон спецназдын өздүгү аныкталганын билдирди. Бул тууралуу Temirov Live Ютуб каналында жарыяланган видеодо айтылат.
Иликтөөчүлөр 22-январь күнү Temirov Live’дын кеңсесин тинтүү маалында баңгизатты Бишкек ШИИБдин атайын багыттагы бөлүгүнүн командири Данияр Байгазиев салып койгон болушу мүмкүн деп божомолдошту. Журналисттер Байгазиев менен түнтүү учурундагы спецназ түспөлдөш экенин аныкташкан. Андан сырткары алардын үнүн да салыктырышканда, окшош болуп чыккан.
«Кармоо учурунда мага атайын күчтөрдүн кээ бири таарынбоону өтүнүштү. “Боке, эч кандай таарыныч болбосун, бул буйрукту айла жок аткарабыз” деген сөздөрдү мен тергөө учурунда кызматкерлерден тынымсыз угуп келдик», — деди Болот Темиров. Ошондой эле, Темиров мыйзам боюнча кылмыштуу буйрукту аткаруу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эске салды.
Мындан сырткар, журналисттер алдын ала маалыматтар боюнча, УКМКнын 5-бөлүмүндө иштеген Бексултан аттуу жигиттин Temirov Live’дын кызматкеринин жеке жашоосун ачыкка чыгарууга, коркутууларга жана Темировдун паспорту боюнча маалыматтарды фальсификациялоого тиешеси бар болушу мүмкүн деп эсептешет. Алар аты аталган киши тууралуу кимде маалыматы болсо журналисттер менен бөлүшүүгө чакырышты.
Temirov Live’дын журналисттерине карата басым
Журналист Болот Темиров жана Temirov Live командасы Кыргызстандагы жогорку бийлик органдарындагы коррупцияны иликтеп келет.
Январдын аягында редакциянын кеңсесине Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы бастырып кирип, тинтүү жүргүзүшкөн.
Алар кеңсеге «баарың жерге жаткыла» деген буйрукту айтып кирип келишкен. Эки милиционер башкы редактор Болот Темировдун жонуна минип, кайра тургузуп чөнтөгүн кактырышкан. Чөнтөктөн чыгарылган буюмдардын арасында кичинекей түйүнчөк болгон. Милиционерлер түйүнчөктө марихуана бар экенин билдирип, кеңседеги компьютерлерди конфискациялап, журналисттин колун толгоп алып кетишкен.
Темиров өзү баңгизат салынган баштыкты ага укук коргоо органдандары «салып коюшканын» айткан. Ошол эле күнү жасалган тест анын канында жана заарасында «баңгизат жок» деген жыйынтык чыгарган. Кийинки күнү журналистти эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарышкан. Анда Темировго карата баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренеси менен айып тагылган, кийинчерээк ал баңгизатын мыйзамсыз даярдоо беренесине алмаштырылган.
Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.
Иликтөө чыккандан кийин Temirov Live’дын командасы соцтүйүндө көкүтүүгө кабылган. «Клооп», OCCRP жана «Азаттыктын» журналисттери иликтөөсүндө Temirov Live’дын командасын өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган жана иликтөөчү журналисттерге көкүтүүгө тиешебиз бар деген адамдар аңдыганын аныкташкан.
Тема боюнча: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?
Апрелде Болот Темировго карата дагы үч кылмыш иши козголгон: паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү. Кылмыш иштердин бардыгы Temirov Live’дын журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу — Тай-Мурас тууралуу иликтөөсүн чыгаргандан кийин белгилүү болгон. Анда Тай -Мурас Ташиев негиздөөчү катары көрсөтүлгөн «Моко Групп» компаниясы Жалал-Абад облусуна күйүүчү май жеткирүү боюнча тендерлерди ута баштаганы айтылган.
Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган.
Буга чейин адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) бийликтен иликтөөчү журналист Болот Темировго карата тагылган айыптарды алууга чакырышкан.
Уюмдагылар Темировго карата кылмыш иштер «саясий жүйөөлүү» жана «жогорку бийлик бутактарындагы коррупция тууралуу иликтөөлөр үчүн анык эле өч алуу» деп билдиришкен.
Тема боюнча: Temirov Live’дын журналисти кимдир бирөө үйүнүн жанына белгисиз зат таштап кеткенин кабарлады
Сот Болот Темировдун негизсиз далилдерди жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган жок