Карантинде көрүңүз. Discovery каналынын «Кытай вируска каршы» аттуу тасмасы
Discovery коронавирус, тагыраагы, ал Кытайда кандайча табылып, аны токтотуп күрөшүүдө кандай аракеттер көрүлгөнү тууралуу тасмасын чыгарды.
Карантиндеги концерт. Атактуу ырчылар күйөрмандарын кантип колдоп жатышат?
Коронавирус пандемиясы учурунда ар кайсы өлкөлөрдүн атактуу музыканттары күйөрмандарын колдогонго аракет кылып жатышат.
Карантинде көрүңүз. Коронавируска каршы күрөштө өмүрлөрү кыйылган «шахиддер»
BBC коронавируска каршы күрөшүп жатып ошол эле илдетти жуктуруп каза тапкан врачтар тууралуу чакан тасма чыгарды. Бул тасмада мекенинде «шахиддер» деп аталып калган ирандык врачтар тууралуу айтылат. Врачтардын «шахиддер» деп аталып калышына алардын коронавируска каршы күрөштө өз өмүрлөрү кыйылганы себеп болгон.
Күндүн видеосу: Коронавирус деген эмне жана эмне үчүн карантин эрежелерин сакташ керек?
Пандемия учурундагы эң маанилүү эрежелердин бири — бул карантин шарттарын сактоо. Өлкөдө коронавируска чалдыккандар аныкталганына карабастан, кыргызстандыктар пандемияга олуттуу мамиле жасабай жатышат.
Карантинде көрүңүз. 50 күнгө обочого алынган Ухань
Кытайдын даректүү тасма тарткан эки режиссеру январда бардык тарабынан жабылган Уханда калышкан — бул коронавирустун биринчи очогу тутанган шаар.
Карантинде көрүңүз. «Аль-Жазиранын» Кыргызстандын космостук программасы жөнүндө ири сюжети
«Аль-Жазира» телеканалы 2021-жылы алгачкы кыргыз космосун учурууга камданып аткан кыздардын тобу жөнүндө дээрлик жарым саатка созулган сюжетин көрүңүз.
Бишкекте аялдардын маршына чабуул болду. Милиция андан жапа чеккендерди кармады
Бишкекте аялдардын укугун коргогон жөө жүрүшкө чабуул жасалды. Бул мындай жөө жүрүшкө карата жасалган алгачкы кол салуу.
Жапаровду колдоо митинги катышуучуларды кууп таркатуу менен аяктады — кармалгандар бар
Милиция эркинен ажыратылган экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарын Ала-Тоо аянтынан жана Ак үйдүн айланасынан кууп таратты. Алар саясатчыны бошотуу талабы менен митингге чыгышкан.
Космонавт Шарипов кытайлыктарды коронавируска каршы күрөшүүдө колдоду
Кыргызстанда туулган «Роскосмостун» космонавты Салижан Шарипов кесиптештери менен бирге «Жер — баарыбыздын үйүбүз» деген видеого тартылган. Ал видеодо космонавт кытайлыктарды коронавируска каршы күрөшүүдө колдоду.
Кыргызстандык сүрөтчүлөр америкалык рэпер үчүн клип тартып беришти
Кыргызстандык сүрөтчү-иллюстраторлор Шахназар Борбоев менен Тилек Асеков Denzel Curry аттуу белгилүү америкалык рэпер үчүн анимациялык клип тартып беришти. Бул клип рэп аткаруучунун «Unlocked» жаңы альбомундагы «ꞌCosmicꞌ.m4a» трегине арналып жасалган.