Видео

«Мамлекет спортчуларга кайдыгер». Дүйнөнүн үч жолку чемпиону Аманбеков президентке кайрылды

Кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Авазбек Аманбеков «спортчулардын жараткан ийгиликтери мамлекет тарабынан байкалбай, кайдыгер мамиле жасалып келгенин» билдирди. Аманбеков президент Сооронбай Жээнбековдон турак жай субсидиясын жана айлык стипендиясын сурап кайрылды.

Отунбаева Feminnale тууралуу: Уксаңар, бул олуттуу жана терең көргөзмө

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева 3-декабрда көркөм сүрөт искусство музейиндеги Feminnale феминисттик көргөзмөсүнүн айланасында жаралган чууга карата пикирин билдирди. Анда перфоманстардын бирин жылаңач аял көрсөтүп чыккан.

Көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангарачева кызматынан кетти

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин директору Мира Жангарачева 2-декабрь күнү эртең менен өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган.

Видео: Бишкекте алгачкы феминисттик көргөзмө ачылды

0
Кыргызстандагы алгачкы феминисттик көргөзмө «Феминале» деп аталат. Анын максаты — иш-чара аркылуу аялдарга карата зомбулук жана гендердик теңсиздик маселелерине көңүл бурдуруу. Бул иш-чара үч жыл мурун Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза тапкан 17 кыз-келиндин элесине арналып 17 күнгө созулат.

Чаткал району: Тургундар Чаткал дайрасын булгап жаткан алтын казуучу компаниясына нааразы болушууда

Тургундардын нараазычылыгынан улам «Оптимум Трейд» алтын казуучу компаниясы Аючачы кеңинде өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотууга мажбур болгон.

Депутат Искендер Матраимов журналисттик иликтөөнү сынга алды

Депутат Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында финполдун башчысына жана «Азаттыктын» журналисттерине каарын чачты.

Видео: 7-класстагы майып бала убактылуу министр болуп иштеди

0
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров 7-класстын окуучусу Тилеген Рахатбековго өз кызмат ордун бир нече мүнөткө өткөрүп берди.

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы окуучу кыздардын мушташынан кийин кызматынан алынды

Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова 20-ноябрда Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамдын «Мамлекеттик органдын демилгеси боюнча кызматты токтотуу» беренесинин негизинде кызматынан бошотулду.

БатМУнун студенттери талаптары аткарылмайын сабактарга катышуудан баш тартышты. Эмне болгон?

БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунун студенттери 18-ноябрь күнү нараазычылык акциясын уюштурушкан. Ага институтта окуу шарттарынын жана жылуулуктун жоктугу себеп болгон. Студенттер жылуулук берилмейин сабактарга катышуудан баш тартышты.

Видео: Жаңы патрулдук милиция кантип иштейт?

Бишкекте жаңы кайгуул милициясы иштей баштады. Ал өзүнө ЖКККББ менен кайгуул күзөт кызматынын функцияларын бириктирди. Реформаны жарандык активисттер демилгелешкен.

Редакциянын тандоосу