Видео

Бишкек: Милиция өкмөт үйүнүн алдындагы макулдашылбаган митинг үчүн Военно-Антоновканын 30дан ашуун тургунун кармады

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова пикеттин катышуучуларын 3-майда түшкү маал өкмөт үйүнүн алдында кармашты деп «Клоопко» билдирди.

Жогорку сот Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчүн четке какты

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Жогорку соттон саясатчынын ишин кайра кароо үчүн Биринчи май сотуна жөнөтүүнү суранышты. Прокурорлор Текебаевдин күнөөсү далилденди деп айтып, саясатчынын ишин кайра кароого жөнөтпөөнү суранды. Судьялар айыптоочу тарапты колдошуп, иштин кайра каралышын четке кагышты.

Патрулдук милиционер жолчырактын кызыл белгисине өтүп кеткендиги үчүн кызматынан алынды — видео

Ысык-Көл облусунда ЖККББнын инспектору патрулдук машина менен жолчырактын кызыл белгисине өтүп кеткендиги үчүн кызматтан бошотулду.

Атай Өмүрзаковдун бийчилер тобу World’s Got Talent долбоорунун жарым финалына өттү

Бийчи Атай Өмүрзаковдун жетектөөсү алдындагы «Тотем Шоу» бийчилер тобу эл аралык World’s Got Talent таланттар сынагынын жарым финалына өттү. Өмүрзаков менен бирге «Тумар» тобунда майып арабасында брейк-данс бийлеген Айдина Самыйбек кызы сахнага чыккан.

«Бул жерде трагедия болбосо керек». Матраимов атасынын урматына арналган турнирге катышкан депутаттар тууралуу

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдиргендей, парламенттин депутаттары жана чоң мансаптуу аткаминерлер анын үй-бүлөсү атасынын урматына өткөрүп турган турнирлерге жыл сайын келип турушат.

«Кырк Чоро» феминисттер менен ЛГБТ коомунун мүчөлөрүнө кол салды. Милиция тергөө иштерин баштады

1-майда феминисттер жана ЛГБТ коомунун өкүлдөрү кирген «8/365» укук коргоо кыймылынын мүчөлөрүнө эки жолу кол салуу болгон. Биринчи кол салуу «8/365» кыймылынын өкүлдөрү Бишкектин батышындагы «Сельмашевец» стадионунун районуна эс алууга чогулушканда орун алган. Активист Надира Масюмованын айтымында, 10-12ге чукул адам минивэн менен келип андан «Гейлерди каяктан сабаса болот?» деп сурашкан.

«Менин тандоом бар». Нур-Султанда жана Алматада таза президенттик шайлоо үчүн митинг болуп өттү

Бир эле маалда Казакстандын экси шаарында жүздөгөн адам президенттик шайлоону таза өткөрүүгө үндөп, анын ичинде сөз эркиндигин талап кылышты.

Видео: Бишкекте уран казууга каршы эки митинг өттү

Балыкчынын тургундары менен «Жашылдар партиясынын» активисттери 30-апрель күнү Бишкекте уран казууга каршы митингге чыгышты. Биринчилери өз өкциясын Горький атындагы сейил бакта өткөрүшүүдө, ал эми экинчилери митингге Ала-Тоо аянтына чыгышкан.

«Сен менин эргүүмсүң, Ровач». Түркмөнстандын президенти жакшы көргөн аргымагына ыр арнады

Түркмөнстанда 27-апрелде түркмөн тукумундагы жылкы — ахалтеке аргымагынын улуттук майрамы белгиленди.

Видео: Бишкекте дүкөндү куралдуу карактоо

Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, карактоо 27-апрелден 28-апрелге караган түнү Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан «Супер Арзан» дүкөнүндө орун алган.

Редакциянын тандоосу