Видео

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды

Кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды. Ал 62 килограмм салмак категориясында күч сынашып, финалда жапониялык балбан Юкако Каваини жеңди.

Видео: Бишкектеги бакчада балдар керебетте үчтөн укташат

Инстаграмдагы omks_video аккаунту Бишкектеги бала бакчалардын бириндеги уктоо сааты учурунда кичинекей балдар бир керебетте үчтөн-төрттөн уктап жаткандары тартылган видео жарыялады. Мындан тышкары, видеодон кээ бир балдар жерде уктап жатканын көрүүгө болот.

Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары саясатчылар бошотулсун деген талап менен митингге чыгышты

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун 200дөн ашуун тарапкерлери Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыгышты. Жогорку сот бүгүн саясатчылардын иштерин кайра карап жатат. Митингчилер «Текебаевге боштондук!», «Жапаровго боштондук!» деген ураандары менен чыгышты.

Ысык-Көлдөгү митинг: Тургундар Таш-Булак уран кенин жабууну талап кылышууда

Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун тургундары Таш-Булак уран кенин жабууну талап кылып митингге чыгышты.

Видео: Белгисиз адамдар Бишкек-Торугарт жолундагы «Коопсуз шаардын» камерасын аткылап салышкан

ЖКККББдан маалымдашкандай, Кеминдеги жол участкасында белгисиз адамдар «Коопсуз шаардын» камерасын аткылап салышкан. Тергөө тобу иликтөө ишин баштады.

Бишкекте мектеп окуучулары кооптуу шартта экинчи кабаттын терезелерин жуушкан — мугалимге эскертүү берилди

Инстаграмдагы omks_video аккаунту эки мектеп окуучусу бир колдору менен алкакты кармап, мектептин экинчи кабатындагы терезелерди тышынан жууп жатышканы тартылган видеону жарыялады. Видеонун авторунун айтымында, бул окуя Бишкектеги №4 гимназияда болгон.

Видео: Кулматов менен Ибраимовдун тарапкерлеринин конвой жана милиция менен кайым айтышуусу

Мурдагы эки мэр Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун тарапташтары менен милиционерлердин ортосундагы чырдашуу 17-апрелде соттун жыйынынан кийин чыкты.

Топоздор, карышкырлар жана кар. 3000 метр бийиктиктеги жашоо

0
Урмат Абдрахманов менен анын аялы Элзат Оторбаева үч миң метрден ашуун бийиктиктеги жайлоодо жашашат. Жайлоого эң жакын делген Каракол шаарына чейин алты сааттык жол жүрүү керек. Урмат аялы Элзат менен мал жайып, аларды карышкырлардын кол салуусунан коргошот. Алардын эки кызы бар, балдар ата-энеси менен мектеп каникулу учурунда эле жашашат.

Мугалим окуучуну сабактан качкандыгы үчүн сабаган. Мэрия аны жумуштан алууну сунуштады

Мэрияга караштуу билим берүү департаментинин башчысы Сауле Мейрманова №19 муниципалдык мектебинин директоруна сабактан качып кеткендиги үчүн өз окуучусун сабаган деп айыпталган мугалимди жумуштан алуусун «катуу түрдө» сунуштады.

«Коопсуз шаардын» камерасын талкалоого аракет кылган милиционер жумуштан алынды

Милиционер Беш-Күнгөй айылында «Коопсуз шаардын» камерасын сындырууга аракет кылганы үчүн ички иштер органдарынан бошотулду.

Редакциянын тандоосу