Эч бир позитив жок. «Клооптун» 2017-жылдагы эң белгилүү материалдары

Ысык-Көлдө ала качууга дуушар болгон польшалык турист Агнешка Квецень жөнүндө материал «Клооптун» 2017-жылдагы эң көп окумдуу макаласы болгон.

Узап бараткан жыл окуяларга бай болду. Алардын кайсы бири саясий, башкалары күтүүсүз болгондуктан коомчулуктун тынчын алды. «Клооптун» редакциясы өзүнүн 2017-жылы эң белгилүү болгон материалдарына көз чаптырды. Алар таптакыр ар башкача, бирок эмнегедир аларды бир нерсе бириктирет — эч кандай позитив жок.

Бул тизмени түзүп жатып, биз материалдардын окумдууларынын статистикасына гана таяндык. Албетте, айрымдары биздин рейтингге кирген окуялардан дагы маанилүү болду, бирок окурмандардын кызыкчылыктары биздин пикир менен дал келбеши толук мүмкүн.

Ошондуктан тизмекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын бийлигинин дарегине сын-пикирлери, кыргыз-казак чек арасындагы жүктүү унаалардын тыгындары, бийликтин ЖМКларга каршы арыздары, Суу кодексине чырлуу өзгөртүүлөрдү кабыл алуу, жаңы премьер-министрди дайындоо, кыргызстандыктардын спорттогу жетишкендиктери жана «Самара» боюнча иликтөө жок болгонуна таң калбаңыздар.

Бул рейтингдин бардыгы эң көп окулган материалдардын статистикасынын жардамы менен түзүлдү, ошондуктан аны сиздер жараттыңыздар деп айтуу адилеттүү болот.

Сүрөт: Александра Ли / Kloop.kg

2017-жылдын башында Бишкекке жакын жайгашкан кыштакта кайгылуу окуялар болду. Түркиянын жүк ташыган «Боинг-747» учагы 16-январда Дача-СУ кыштагындагы турак жайлардын үстүнө кыйраган. Кыштактын 39 тургуну, анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү набыт болушкан.

Март айында мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча корутунду жарыялаган. Эксперттер учактын пилоттору экинчи айлампага кетүү үчүн учуунун бийиктиги мындай маневр жасоого абдан жапыс болгон деген тыянак чыгарышкан.

26-февралда кыргыз оппозициясынын ледерлеринин бири жана «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаевди кармашкан. Ага каршы «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү кылмыш ишинин башка фигуранты, ӨКМдин мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновду камакка алышкан.

УКМКнын кызматкерлери Текебаевди «Манас» аэропортунун имаратынан камакка алышкан — оппозиционер Австриядагы командировкасынан Кыргызстанга кайтып келээри менен дароо кармалган.

Эртеси күндөрү УКМКнын имарытынын жана «Ала-Тоо» аянтында кармалган саясатчынын тарапташтары чогулушуп, анын бошотулушун талап кылышыкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, Текебаевдин ишинде «саясат жок».

Башкы прокуратурада Текебаев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турган кезде орусиялык ишке Леонид Маевскийден 1 млн АКШ долларын алган деп айтышкан. Бул каражатка саясатчы ишкерге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга ыктымал мүмкүндүк түзүп берүүнү жана ошондой эле, өзүнүн колдоосун убада кылган.

Кийинчерээк Текебаев менен Чотоновду (мунапысты эске алуу менен) 4,5 жылга кесишкен. Эки саясатчы тең өз күнөөлөрүн моюндарына алышкан эмес жана аларга каршы козголгон иш «саясий мүнөздүү» болгон деп билдиришкен.

Негизинен Текебаев Алмазбек Атамбаевдин Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгесин бир далай жолу сындап, президентке импичмент жарыялоо процедурасын баштай тургандыгын билдирген.

«Пусть говорят» ток-шоусуна катышкан MC Doncha деген ат менен таанымал кыргызстандык Данияр Токтамамбетов жөнүндө маалымат «Клооптун» март айындагы эң популярдуу макаласы болуп калган.

Берүү зордуктоого кабылганын айткан Диана Шурыгинанын окуясына арналган. Аны күчөтүлгөн тартиптеги абакка сегиз жылга кесишкен, бирок кийинчерээк сот анын мөөнөтүн жатак абагына үч жыл сегиз айга чейин жеңилдеткен.

Даниярды ал кыздын айланасындагы окуяга жана Шурыгинанын баланын дарегине айыптоолоруна арнап ыр жазганы үчүн программага чыкырышкан. Инстаграмда видеочыгырык жарым миллондон ашуун жолу көрүлгөн. Телешоунун өзүндө вайнер айыпталып жаткан Семеновдун колдоосуна сөз айтып, Шурыгинаны сынга алган.

Диана Шурыгина жөнүндө берүүдөн кийин көрүүчүлөрдүн арасындагы жана ошондой эле, интернет-колдонуучулардын ортосундагы аудитория эки жаатка бөлүнүп калган. Айрымдары жабыркаган кызга боору ооруса, башкалары ал калп айтып жатат деп айтышкан.

Татарстандын Казан шаарындагы өткөн эрежесиз эр мушташ боюнча турнирде кыргыз мушкери Дастан Шаршеев орусиялык Антон Калинин менен беттешкен. Мушташтын жыйынтыгы боюнча судьялар жеңишти Калининге ыйгарып коюшкан.

Шаршеев мындай жыйынтыктарга макул болбой, рингден чыгып кетүүдөн баш тарткан. Ал эми судья кыргызстандыкты Орусиядан депортация кылуу менен коркуткан. Кыргыз мушкери көрүүчүлөргө кайрылууга мүмкүндүк беришкенден кийин гана рингден чыгып кетүүгө макул болгон.

Шаршеев өз сөзүндө турнирдеги адилеттүү калыстыктын жокту жөнүндө жана мушташта жеңгендиги боюнча билдирген.

Июнь айында кыргызстандык Казанга барып, Калинин менен реванштык мушташ өткөргөн. Төрт айлампада ал өзүнүн каршылашын жеңип алган. Жолугушууда Шаршеевди депортация менен коркуткан ошол эле судья калыстык кылган.

КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова «Алиби» гезитинин журналисти Үпөл Анаркуловага чалып алып, гезитте жарыя болгон макала үчүн аны зордуктатып, жок кылуу менен коркуткан телефондук сүйлөшүүнүн жазмасын жарыя кылган — Анаркулова материалында депутат Тоң районунун акиминин «крышасы» деп жазган.

Мусабекова кийинчерээк журналист менен чынында эле сүйлөшкөнүн тастыктаган, бирок ал жазманы «монтаждалган» деп атаган. Анаркулова өз кезегинде анын кесиптеши бардыгын укканын жана сүйлөшүү чын экенин айткан.

Бул окуя коомдо чуу жараткандан кийин Мусабекованын КСДПдагы кесиптештери бул окуяга арналган жыйынга бир нече жолу чогулушкан. Бирок Мусабекова өзүнө арналган жыйындардан бирине да келбей койгон. Фракция башчысы Иса Өмүркулов анын келбей жаткандыгын «ооруп жатканына» байланыштуу деп түшүндүргөн.

Августта саясий биримдиктин бардык мүчөлөрү Мусабекованы саясий кеңештен чыгарбоону чечишкен, анткени бул бир гана Мусабекованын эмес партиянын дагы беделине жаман таасир этмек.

Нарындын тургундары Борбор Азия Университетинин (БАУ) студенттерин мушташтын айынан чөгөлөп кечирим суроого мажбыр кылышкан. 8-июнда ондогон нарындыктар окуу жайынын имаратына келип, студенттерди депортация кылууну талап кылышкан.

Окуу жайдын администрациясы окуяны талкуулоо үчүн каршылыкка чыккандарды имаратка киргизишкен. Бирок жергиликтүү тургундар Тажикстандан келген БАУнун студенттерин жергиликтүү өспүрүмдөрдү сабап салышкан деп айыпташып, өздөрүн агрессивдүү алып жүрө башташкан.

Натыйжада бир нече мугалимдер менен студенттер болгон окуя үчүн чөгөлөп кечирим сураганга аргасыз болушкан.

ИИМ студенттер менен мугалимдерди чөгөлөп кечирим суроого аргасыз кылышкан жергиликтүү тургундарга каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Аларды коомдук тартипти бузуу боюнча айыпташкан.

Эртеси күнү жергиликтүү тургундардын тобу университеттин мугалимдеринин алдында кечирим сурашкан. Алар билдиришкендей, жаңжал «жаңылыштык жана түшүнбөстүктөн» улам чыгып кеткен. Жергиликтүү тургундар менен студенттердин жолугушуусунда жергиликтүү милициянын жетекчилиги, өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана университеттин деканы болушкан.

Окуу жайдын жетекчилиги менен анын мугалимдери чыр-чатак жоюлду деп эсептешип, мындан ары жергиликтүүлөр менен тынчтык мамиледе боло тургандыктарына үмүт артышкан.

Польшалык англис тил мугалими Агнешка Квецен билдиргендей, аны Ысык-Көлдөгү курорттордун биринде ала качууга аракет кылышкан.

Ал алып качууга аракет кылгандардан кутулгандан кийин Чолпон-Атадагы милицияга кайрылган, бирок кызматкерлер анын үстүнөн күлүп, кыска юбканын айынан өзү ала качууга азгырган деп айтышкан.

Бирок, 24-июль күнү милиционерлер Квеценден кененирээк көрсөтмө алышып, иликтөөнү башташкан.

Эртеси күнү ал милициядан арызын чакыртып алып, аны ала качууга аракет кылышкан эркектердин дарегине айып коюудан баш тарткан. Квецен арызын чакыртып алуусун Африкага кетип жатканыгы менен түшүндүргөн.

Ал өз арызын милиционерлер ала качууга аракет кылды деп шектелгендерди кармагандан кийин эле кайтарып алган — алар Балыкчы-Корумду жолун салып жаткан «Лонг Хай» компаниясынын коопсуздук кызматынын жумушчулары болуп чыккан.

«Клооптун» макаласы окурмандардын арасында чоң резонанс жараткан.

Кээ бир колдонуучулар Квеценди ачык кийим кийген, ошондуктан ал ала качуунун курмандыгы болгон деп айыпташкан. Ал эми башкалары, тескерисинче, аялдын тандоо укугу бар, эмне кийсе өзү билет деп аны кубаттоого алышып, ачык кийим ал зомбулуктун курмандыгы болгусу келгендигин калап жатканды билдирбейт деп чыгышкан.

Август айында «Клоопто» Бишкектин Жол кайгуул күзөт кызматынын (ЖКК) мурдагы начальниги орун басары Нурбек Молдогазиев мурдагы Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын (учурда ЖКККББ) жанындагы жеке унаа токтотуучу жайы менен кантип кызматташып жаткандыгы жөнүндө иликтөө чыккан.

Бул унаа токтотуу жайына жол кырсыгына кабылган же камакка алынган машиналарды токтотушат. «Клооптун» журналисти унаа токтоткон жай Молдогазиевдин аялы, Жыпара Дүйшөналиевага таандык экенин аныктаган. Ал ар бир автомобилден 2012-жылдан бери акча алып турган.

Жалпысынан айып унаа токтотуучу жайга 120 машина батат. Автоунаа бул жайга түшөөрү менен сиз жеңил машинанын ар бир турган күнүнө 100 сомдон төлөнөт — бул Бишкек боюнча орточо баадан эки-үч эсе көп.

Ошентип, эгерде жол кырсыгы боюнча соттук териштирүү, мисалы, бир айга созулуп, машина ошол убакыт ичинде айып унаа токтотуу жайында турган болсо, жалпы жонунан 3000 миң сом төлөө керек болуп калат.

Ал эми Молдогазиев өзү айып унаа токтотуу жайын көзөмөлдөп турганын четке кагып, ал жай мурдагы колуктусунуку экенин белгилөөдө. Анын айтымында, алар 2015-жылы расмий түрдө ажырашышкан. Молдогазиев 2012-жылы ЖККда иштегенин төгүндөдү, бирок ал мында кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн эмес жана кандайдыр бир мыйзам бузуулар жок деп эсептейт.

Сентябрда эң популярдуу материал коомдук ишмер Эдил Байсаловдун колонкасы болгон. Анда ал премьер-министр Сапар Исаков голливуддук актер Стивен Сигалга кыргыз жарандыгын сунуштаганы анын нааразычылыгын жаратканы жөнүндө жазган.

Негизин Байсалов бир гана бул жөнүндө жазган эмес, баарын толук кандуу түшүнүү үчүн колонканы өз алдыңызча окуганыңыз жакшы болот.

Октябрь. Кыргызстандагы президенттик шайлоо (орус тилинде)

Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өттү. Анда бийликчил талапкер жана Алмазбек Атамбаевдин таянычы Сооронбай Жээнбеков жеңишке жеткен.

Ал добуштардын 54 пайызын алган. Ал эми анын башкы атаандашы —  ишкер жана Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов добуштардын 33 пайызын алып, экинчи орунду ээлеген.

Шайлоого жалпысынан 1 млн 697 миң 868 адам келип, бул жалпы шайлоочулардын санынын 56,34% түзгөн.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо тынч жана калыс өткөнүн билдирген. «Сатып алуу, административдик ресурс колдонуу жана шайлоочуларды коркутуп үркүтүү» фактылары болгонуна карабастан ЕККУнун эл аралык байкоочулары дагы шайлоону «легитимдүү» өттү деп аташкан.

Сүрөт: Sputnik / Бактияр Бердибеков

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисин 6-ноябрга караган түнү өз үйүнөн атып кетишкен. Бир туугандарынын айтымында, анын үйүнө кол кап жана бет капчан 4-5 адам кирип келип, акча талап кыла башташкан — Салянов алар менен кайым айтышууга баргандан кийин аны атып салышкан.

Ошондой эле маркумдун 17 жаштагы баласы уурдалганы айтылган, бирок бул маалымат кийинчерээк тастыкталган эмес — өспүрүм атышуу болгон учурда үйдөн чуркап чыккан.

Ошол эле күнү ИИМ өлтүрүүнү «саясий эмес» деп атаган.

Бирок «Ата Мекен» саясий партиясынын мүчөлөрү кылмыш «саясий» деп эсептешип, бийликти анын эжеси Аида Салянова жана ошондой эле, партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин коопсуздугун камсыз кылууга чакырышкан.

ИИМ 28-декабрда Саляновдун өлүмү боюнча иштин негизги шектүү адамын колго түшүргөнүн жарыялаган.

Эми соңунда (биз үчүн күтүүсүздөн) биздин окурмандардын арасында Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков кандай өзгөрүлгөндүгү жөнүндө сүрөт баян эң популярдуу болуп калган.

«Клооп» жөн гана анын премьер-министр болуп турган кездеги сүрөттөрү менен президент болуп калган учурдагы расмий сүрөттөрүн салыштырып көргөн.

Бир жыл бою биз менен бирге болгонуңуздар үчүн ыракмат. Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен!