Кыргызстанда дагы үч медкызматкерден коронавирус аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб өлкөдө 7-майга карата дагы үч медицина кызматкеринде коронавирус аныкталганын маалымдады. Алар Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облустарында иштешкен.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 224кө жетти — алардын 161и айыкты. Буга чейин илдетти жуктуруп алган 58 жаштагы бир медкызматкер көз жумган. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө өкмөт тарабынан 1 млн сом кун төлөнүп берилээрин маалымдаган.

Өкмөт коронавирусту жуктуруп алган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом кун төлөмөкчү болгон. Бирок кийинчерээк компенсациянын өлчөмү эки эсе кыскартылган.

Мындан улам өкмөт сынга алынып, ал эми депутат Мирлан Жээнчороев 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган. Буга байланыштуу өкмөт компенсацияларды кыскартуусуз төлөмөй болду.

Коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге компенсация төлөп берүүнүн алдында алар кайсы жол менен илдетти жуктуруп алганын аныкташ үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлөт.

Ал эми министрликтин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов коронавирустун очогунда эмгектенген медкызматкерлерге төлөнүүчү каражаттын суммасы 34 миллион 963 миң сомду түзгөнүн билдирген. Март айында оорунун очогунда жалпысынан 6036 медкызматкер иштеген.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен он экиси каза таап, 637 адам илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.