Коррупция тууралуу айтып чыккан чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов каза болду

Талгат Аланов. Сүрөт: Медербек Ниязалиев / «Азаттык»

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек ара көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 21-июлда каза болду. Маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматы тастыктады.

Алдын ала маалыматка ылайык, Алановдун жүрөгү токтоп каза болду. Ал эмгек өргүүдө жүргөн болчу.

«Т-Медиа» басылмасы Аланов Кара-Суу районундагы Каратай айылында атасынын үйүндө көз жумганын маалымдады. Анын артында аялы жана алты баласы калды.

Коррупция тууралуу басма сөз жыйын

Талгат Аланов 2019-жылдын 27-ноябрында курган басма сөз жыйында Ош облусундагы «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Көп өтпөй Мамлекеттик чек ара кызматы Аскер прокуратурасына Алановдун сөздөрүнө «укуктук баа берүү үчүн» кайрылган. Ошондой эле мекемеден офицер басма сөз жыйыны менен уставды бузганын билдирип, коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө алгач чек ара кызматынын жетекчисине, аскер прокуратурасына же укук коргоо органдарына кабарлашы керек болчу деп айтышкан.

Бир нече күндөн кийин аталган «Достук» бекетинин жетекчиси Талант Айтпаев кызматынан четтетилген. Мамлекеттик чек ара кызматы Айтпаевдин иштен алынышы Алановдун басма сөз жыйынына тиешеси жок деп ишендирген.

Ал эми Ош облусунун чек ара башкармалыгы Аскер прокуратурасына Аланов уруксатсыз 300 ирет чет жакка чыгып келгенин тууралуу маалыматты жибергенин билдирген. Аланов бул кадамды «аны каралоо аракети» катары баалап, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Улан Шаршеевди дебатка чакырган. Бирок Шаршеев дебатка келген эмес.

Куугунтук, президентке кайрылуу, жарандык сот

Талгат Аланов басма сөз жыйыны өткөргөндөн баштап ага карата телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан. Ошондой эле социалдык тармактарда Алановду каралоо максатында ар кандай тасмалар жана аудиожазуулар пайда болуп баштаган.

Өткөн жылдын 12-декабрында офицер Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасап, аны кабыл алууну өтүнгөн. Анда өлкө башчысына жолугуп коррупцияга байланыштуу фактыларды бермекчи болгон. Бирок Сооронбай Жээнбеков офицерди кабыл алган эмес.

Чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады

Posted by Next TV on Wednesday, December 11, 2019

Арадан бир ай өткөн соң анын беш кесиптеши «кадыр-баркыны коргоо үчүн» Алановду сотко беришип, жалпысынан 500 миң сом компенсация талап кылышкан.

Ошол эле учурда Алановду Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алган. Жолугушууда Алановдун Ош гарнизондук Аскер прокуратурасына берген арызынын негизинде башталган сотко чейинки өндүрүш Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүнө алынаары маалымдалган.

Соттук отурум үстүбүздөгү жылдын 2-мартында башталып, Аланов жактоочу жалдоого каражаттын жоктугунан, өзүн-өзү коргоп жаткандыгын айткан. Көп өтпөй активисттер Алановго адвокат жалдоо үчүн каражат чогулта башташкан. Кийинчерээк анын кызыкчылыгын сотто «Кылым шамы» адам укуктарын коргоо уюмунун жактоочусу коргомокчу болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Чек арада таза адамдар иштешин каалайм». Аланов журналисттердин суроолоруна жооп берди