Нуракун уулу менен Абдырахман уулу Шер-Ниязга маалымат катчы болду

Шайырбек Абдырахман уулу, Садык Шер-Нияз жана Ибраим Нуракун уулу

Президенттикке талапкер экс-депутат Садык Шер-Нияз Ибраим Нуракун уулу менен Шайырбек Абдырахман уулун өзүнө маалымат катчы кылып алды. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды.

Шер-Нияз элге идеяларды жеткирүү үчүн ЖМКнын орду чоң экенин белгиледи.

«Көптөгөн журналисттер чалып жардам берип, жанымда жүрөөрүн билдирип жатышат. Арасынан мага иши менен да, сөзү менен да көңүлүмө жаккан эки азаматка [Ибраим Нуракун уулу менен Шайырбек Абдырахман уулу] токтодум… Экөө тең шайлоо боюнча мага пресс катчы боло турган болду. Эми баатырлар “Учкашпа, учкашсаң түшө качпа” деп айтаар элем», — деди ал.

Ибраим Нуракун уулу буга чейин Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеген. Ага чейин BBC кыргыз кызматында иштеген. Шайырбек Абдырахман уулу буга чейин ЭлТРди жетектеген. Ошондой эле, КТРКнын башчысынын орун басарлык кызматын аркалаган.

Ал ортодо Ибраим Нуракун уулу Садык Шер-Нияз 11-ноябрда кыргыз тилинен тест тапшыруу үчүн «Кыргызтесттен» өтөрүн билдирди.

«Президенттикке талапкер катары катталуу үчүн адегенде "Кыргызтесттен" мамлекеттик тил билими боюнча сынактан өтүү керек. Бир аздан соң Садык Шер-Нияз экзамен тапшырат», — деп жазды ал.

Садык Шер-Нияз 9-ноябрда социалдык тармак аркылуу президенттик шайлоого катышарын билдирген. Ал өлкө коркунуч абалда кептелгендиктен «мага тиешеси жок» деп карап тура албаганын айтып, андыктан президенттик шайлоого катышууну чечкенин белгилеген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин он үч талапкер билдирди. Алар:

Мындан сырткары президенттик шайлоого катышуу ниетин өлкө башчынын милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров да билдирген. Жапаров учурда ээлеген кызматтарын 14-ноябрга чейин тапшыра турганын кабарлады.