«Түшүнүгү жок жаш балдар». Активист Эркин Нурбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды

Активист жана «Реформа» партиясынын мүчөсү Эркин Нурбаев президенттикке талапкер Садыр Жапаровду дебатта таймашууга чакырды. Нурбаев өзүнүн чакырыгын фейсбук барагына жарыялады.

Нурбаев Жапаровдун 7-каналга курган маегиндеги билдирүүсү менен макул эмес экенин жазды. Анда Жапаров интервью берип жатып Конституциянын жаңы долбооруна «түшүнүгү жок жаш балдар» гана каршы чыгып жатканын айткан.

«Садыр мырза, ошол түшүнүгү жок жаш балдар чет өлкөдө билим алган жана өзүнүн тармагында мол тажрыйбага ээ болгон Кыргызстандын жарандары. Сизге караганда ошол мырзалар, айымдар Конституциялык укук жана саясий илимдер боюнча өздөрүнүн илимий иштерин чет өлкөлүк беделдүү окуу жайларда жактаган», — деп жазды Нурбаев.

Кыргызстандык жаш муундун аткаминерге салыштырмалуу аркасы таза, эч кандай шектүү, ыплас иштери жок деп кошумчалады Нурбаев.

«Сизге окшоп күмөндүү жерден, күмөндүү дипломго ээ болгон эмес. Сизге окшоп Бакиевдин жанында жүргөн эмес. Сизге окшоп күмөндүү иштерди жасаган эмес. Сизге окшоп бийликке жулунган эмес. Сизге окшоп пикирин күн сайын алмаштырган эмес. Алар системдүү түрдө, илимге таянган аргументтер жана маданияттуу сөздөр менен сүйлөп жатышат. Андай риториканы коюуңуз», — деп жазды активист.

Ал Жапаровду өзү же башка жаш активисттердин бири менен дебатка чыгып, жалпы кыргызстандыктардын алдында өзү сунуштаган жаңы Конституцияны талкуулоого чакырды.

«Ошол жерден кимдин түшүнүгү жок экенин жалпы кыргыз эли көрсүн, салыштырсын. Текебаев айткандай “дос-секретарыңыздын” каналына чыгып алып сүйлөй берүү сизге кадыр барк алып келбейт. Башынан туура жана мыйзамдуу жолго түшүңүз. Кийин эл жана тарых алдында кеч болуп калат», — деди Нурбаев.

«Түшүнүгү жок жаш балдар»

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров 23-ноябрда 7-каналга интервью берген. Бул каналды анын досу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен байланыштырышат. Жапаров митингдер жана конституциялык реформага каршы болгондор боюнча пикирин айтты. Ошондой эле ал жаш активисттер тууралуу да терс комментарий берген.

Президенттикке талапкер депутат Өмүрбек Текебаев шыкакчы болуп, жаш балдардын башын айлантып жатат деп эсептейт.

«Азыр Өмүрбек Текебаев кафеде олтуруп алып, жаштардын өкүлдөрүн кезек менен кабыл алып жатат. Аларга кантип сүйлөштү, эмне деп айтышты үйрөтүп жатат.[…] Азыр өлкөдө абал ушундай: эгер баары көтөрүлсө, кийин кыйын болуп калат. Биз 6-октябрда баарын өз колубузга алдык, эми жашынып отургандардын баары элди дүрбөлөңгө салып баштады», — деп билдирди Жапаров.

Ал эми 7-канал Текебаевди сындаган бир нече материал жарыялады.

«Ханституция»

Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүү — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясынын шайлоо программасында жазылган. Саясий кризис башталып, Жапаров тарапташтарынын жардамы менен эркиндикке чыгып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болгондон тартып реформа керек деп айта баштаган. Анын айтымында, Кыргызстан президенттик өлкө болууга тийиш.

Конституциянын жаңы долбоору 17-октябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Жаңы Конституциянын автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышты.

Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Ал эми башка саясатчылар Жапаров юристтердин туткунунда калды деп эсептешет. Ошол эле учурда, президенттик башкаруу формасы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай (чындыгында президентке отчёттуу) жана башка бир топ идеялалар документте Жапаров эркиндикке чыккандан кийин анын жасаган билдирүүлөрүндө да айтылып келген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок. Ал эми Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган.

22-ноябрда Бишкекте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен макул эместердин тынчтык маршы өткөн. Маршка бир нече жүздөгөн адамдар катышкан — алар «ханституцияга жол бербейбиз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп келишкен. Ошондой эле, адам укугуна, сөз эркиндигине басым кылбоо, демократия жана парламентаризмге жол ачуу тууралуу талаптар болгон.