Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү Айзада Канатбекованын зордоп никеге туруу үчүн уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү боюнча билдирүү таратты.
Эл аралык уюм Канатбекованын өлүмү «ушундай ырайымсыз жоруктарды түп орду менен жок кылуу үчүн убакыт эбак келгенин дагы бир жолу кайгылуу түрдө эскертип жатат» деп эсептейт.
«Кыргызстандагы, дегеле дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун аялдар жана кыздар өз өлкөсүндө уурдоого, зомбулукка кабылбай, коопсуз жашоого укуктуу», — деп эскерткен алар.
Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү өз билдирүүсүндө өкмөттү, укук коргоо органдарын, күч түзүмүн «Кылмыш кодексинин “Адамды никеге туруу максатында уурдоо” беренесине ылайык катталган кылмыш иштерине тийиштүү көңүл буруу жана карап чыгуу үчүн өз убагында, координацияланган чараларды көрүүгө», бул иштерди «эффективдүү жана тез иликтөөгө» чакырат.
Ошол эле учурда уюм президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Мариповдун «Айзаданын өлүмү жол берилгис, улуттук трагедия» катары бааланган билдирүүсүн «колдойт».
«Бириккен Улуттар Уюму кыз-келиндерге карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнө, анын ичинде «ала качууга» байланыштуу бардык кылык-жоруктарга каршылыгын көрсөткөн Кыргызстандын элин колдойт», — деп билдирүүдө баса белгиленди.
Ошол эле учурда, аталган уюм аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу боюнча «мыйзамдардын жана жоболордун кабыл алынышын жана сакталышын» үзгүлтүксүз камсыздоого чакырган.
Мындан тышкары, Кыргызстан зордук-зомбулукту башынан өткөргөндөргө коопсуздукту жана коргоону, сотто коргоонун адилеттүү куралдарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып берип, айыптууларды мыйзамды сактоо менен жоопко тартышы керек.
Бул биринчи билдирүү эмес
2018-жылы Бурулай Турдалы кызынын уурдалып, милициянын имаратында киши колдуу болушунан кийин Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгү өлкө бийлигин кыз-келиндерди уурдоо жосунсуз жоругун токтотуу үчүн «бардык тийиштүү чараларды көрүүгө» чакырган.
Тема боюнча окуңуз: «Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?
Ал кезде Эл аралык уюм Кыргызстандын жетекчилигин жаш балдар арасындагы жана кыйноо жолу менен никеге турууга тыюу салып, зомбулуктун курмандыктарын коргоодо «эл аралык келишимдерди жана улуттук мыйзамдарды так аткарууга» чакырган.
Анткени «кыз-келиндерди уурдоо, мажбурлап никеге тургузуу сыяктуу жоруктар Кыргызстандын маданиятына, каада-салтына эч кандай тиешеси жок, тескерисинче калктын аялуу катмарынын укугун тебелөө болуп саналат».
2020-жылдын декабрь айында ЮНИСЕФ — БУУнун балдар фонду, БУУ-Аялдар жана Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Кыргызстанды «Гендердик зордук-зомбулук, өзгөчө балдарга карата жасалган зордук-зомбулук жазаланбай калышын түп тамыры менен жок кылууга» чакырган. Буга Ысык-Көл облусунда бир судья 13-жашар кызды көп жолу зордуктоого айыпталган эки кишини толугу менен актап чыкканы себеп болгон. Ошондо, үч айыпталуучунун ичинен бирөөсү гана, 45 жаштагы киши 7 жыл 6 айга кесилген.
Тема боюнча: «Ички туюмума таяндым» — 13 жашар кызды зордуктагандарды актаган судья өз чечими тууралуу
Ысык-Көл: 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, бирок акталгандар кайра соттолду
Бирок эки жолу тең кыз-келиндерди, аялдарды коргоо боюнча олуттуу реформалар болгон жок.
Айзада Канатбекованы уурдоо жана өлтүрүү
Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы 7:00де уурдалган. Анын сөөгү 7-апрелде Бишкекке жакын айылдардын жанында автоунаанын ичинде табылган. Ошондой эле, автоунаанын ичинде аны уурдап кеткен кишинин сөөгү да табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Теңизбаев Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кесип каза болгон.
Кыздын уурдалып, киши колдуу болушу коомдо чоң чуу жараткан. 300дөй киши 8-апрелде нааразылык билдирүү үчүн Ички иштер министрлигинин имаратынын алдына чогулуп, министр Улан Ниязбековдун жана Бишкек шаардык ИИББ жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышкан.
Митингге парламент депутаттары Айсулуу Мамашева, Наталья Никитенко жана Дастан Бекешев да катышкан. Алар парламентке ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековдун отставкага кетирүү сунушун киргизгенин айтышкан.
Кийинчерээк, милиция Теңизбаев Орусиянын бир нече соту тарабынан кылмыш жообуна тартылып, жалпысынан темир тор артында 7 жыл отурганын билдирген. Эркиндикке чыккандан кийин, ал депортацияланып, ага Орусияга кирүүгө тыюу салынган.
Канатбекованын уурдалышы жана өлүмү боюнча өкмөт башчысы Улукбек Марипов жана президент Садыр Жапаров да өз ойлорун билдиришкен. Марипов мындай жорук кечирилгис экенин белгилеп, «ала качуу — салт эмес, бул жазалана турган кылмыш. Биз муну өлкөдөгү ар бир инсанга жеткирүүгө милдеттүүбүз», — деп билдирген.
Президент Садыр Жапаров Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүнө ала турганын билдирип, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек деп айткан. Анын айтымында, бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот.
Кыргызстан муфтийинин орун басары Кадыр Маликов да Айзада Канатбекованын уурдалышы жана киши колдуу болушу боюнча комментарий берди. Ал кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, мусулмандар үчүн мындай жосунсуз жорук кылуу чоң күнөө экенин, шариятка каршы келерин эскертти.
Кызды уурдоого катыштыгы бар делген төрт шектүү кармалып, алар Бишкек шаардык ИИББ тергөө абагына киргизилди. Прокуратура Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча милициянын аракеттерин иликтеп баштады — Бишкек ШИИБнин тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов адам уурдагандардын унаасын издөөгө бюрократиялык создуктуруулар тоскоол болгонун билдирген. Ошондой эле, милициянын кызмат адамдарынын айтымында, тергөөчүлөр унаанын ээсин издеп, шектүүлөргө телефон аркылуу байланышууга аракет кылышкан.
«Жаңы кодекстин ишке кириши менен иликтөө процедурасы татаалдашты. Ар бир тергөө амалын аткаруу үчүн тергөөчү алгач прокуратурада макулдук алып, андан кийин сотко барышат, ошондо кийин гана сот өз чечимин чыгарат. Камакка алуу чечимин да сот чыгарат. Мына мунун баары кылмыштардын, анын ичинде өтө оор кылмыштардын бетин ачууда кыйынчылыктарды жаратууда», — деп Утемисов билдирген.
Эгерде Бишкек ШИИБдин криминалдык милициясынын башчысы Улан Айтбаевдин сөзүнө ишене турган болсок, алар уурдалган кыздын аты-жөнүн тактоого 8 саат коротушкан. Ошондой эле ал мобилдик байланыштын маалыматтарын тактоодогу кыйынчылыктарга даттанган.
Нааразылык акциясынын катышуучулары өз учурунда, кыз тирүү кезинде чара көрбөгөн милиция кызматкерлеринин кайдыгерлиги үчүн Бишкек ШИИБнин башчысы менен Ички иштер министринин отставкасын талап кылышты. Матмусаев азыр отставкага кетпей турганын, жана кызды уурдагандарды издөө анын негизги милдети экенин айтты — ошол күнү кечинде адам уурдоого шектүүлөрдүн бардыгы колго түшкөн.
Депутаттар ИИМ жетекчиси Улан Ниязбековду парламент алдында иш боюнча отчёт берүүсүн талап кылышкан. Алар дагы министрдин отставкасын талап кылышты. Ниязбеков болсо ИИМ жоопкерчиликтен качпай турганын жана «моралдык» күнөөсүн сезип жатканын билдирген.