Дүйнөдөгү алдыңкы окумуштуулар жана медиктер 27-апрелде Zoom-платформасы аркылуу онлайн басма сөз жыйын куруп, уу коргошундун кооптуулугун талкуулашты. Кыргыз бийлиги аны коронавируска каршы даба деп калың эл арасында пропаганда кылып жатат. Казакстанда да, Өзбекстанда да уу коргошун менен коронавирустан айыктырса болот экен деген маалымат жайылууда.
Улуу Британияда эмгектенген кыргыз окумуштуусу Асел Сартбаева биофармацевтикалык препараттардын, анын ичинде вакциналардын, антителолордун жана терапиялык препараттардын термостабилизация ыкмаларын иштеп чыгуу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Ал өз баяндамасында уу коргошун өсүмдүгүндө алкалоиддик токсин — аконитин камтылганы жөнүндө билдирди. Бул зат нерв системасына чабуул кылып, дем алуунун токтошуна алып келет жана денени шал кылат.
Анын айтымында, бир бөтөлкө суудагы бир тамчы уу да адамды өлтүрүп коё алат. Сартбаева аконитинге каршы түз антидот жок экенин да түшүндүрдү.
Биохимия профессору Жан Ван Ден Эльсен өсүмдүктөгү нейротоксиндер иммунитет системасына түздөн-түз таасир кылганы үчүн кооптуу экенин белгиледи. Ал түгүл термикалык иштетүүдөн өткөрүлгөндө да, башкача айтканда, сууга, бууга кайнатылган, отко какталган, куурулган түрүндө да токсиндер бузулбайт.
Нейробиология тармагындагы доктор Тимур Юнусов Кембридж университетинин илимий изилдөө лабораториясында координатор болуп иштейт.
Анын айтымында, уу коргошун, же жунгар аконити «уулардын ханышасы» деген атка конгон. Өсүмдүктүн жалгыз бул эле түрү эмес, анын бүт тукуму өз ара өтө окшош жана курамында таасири дээрлик бирдей болгон уу бар.
Юнусов бул өсүмдүк Орто Азияда гана эмес, башка көптөгөн өлкөлөрдө жана маданияттарда да белгилүү экенин, бирок адамдар аны дары эмес, уу катары байыртадан колдонуп келишкенин билдирди.
Сөзүнүн аягында Юнусов бул өсүмдүк бир гана өтө уулуу зат катары колдонулуп келген мисалдарды келтирип, анын кооптуулугун бир нече ирет баса белгиледи.
Окумуштуулардын маалыматы боюнча, уу коргошун жөнүндө аконит деген аталышы менен тарых барактарындагы алгачкы эскерүүлөрү Байыркы Грекияга жана Римге барып такалат. Байыркы доорлордо бул уу жапайы жаныбарлар, көбүнчө карышкырларга каршы колдонулган. Мындан тышкары, уу Түндүк Индияда, ошондой эле Жапонияда аюуларга аң уулаганда колдонулган.
Өсүмдүктүн уулуу касиети жөнүндө салттуу эмес кытай медицинасында да эскерилет.
Европалык коомдук саламаттык сактоо уюмунун профессору, Independent SAGE илимий кеңешинин мүчөсү Мартин МакКи жана Казак онкология институтунун доктору Зауре Душимова да аконит ракты дарылоодо колдонулушу мүмкүн эмес экенин белгилешти.
Так айтканда, профессор МакКи бул өсүмдүктүн онкологияда колдонулушу боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөгөнүн, теориянын өзү «акылга сыйбай турганын» айтты. Ал бул өсүмдүктүн эффективдүүлүгүнүн далилдерин эч качан көрбөгөнүн баса белгиледи.
Доктор Душимова онкологдор аконитти колдонбогонун, ал ракты дарылоонун расмий протоколдорунда жок экенин да белгиледи. Бул өсүмдүк уу болгондуктан келечекте да аны колдонуу пландары жоктугун айтты.
Маалымат жыйындын аягында окумуштуулар бардык өлкөлөрдүн жарандарын эмдөөдөн өтүүгө, ошондой эле беткап тагынып, социалдык аралыкты сактап жүрүүгө үндөштү.
Окумуштуу Асел Сартбаева COVID-19 менен ооруп сакайгандар да эмдөөдөн өтүшү ырас болорун айтты, анткени оорудан кийин деле вируска каршы иммунитет ар дайым толук күчүндө боло бербейт жана ал көпкө сакталат деген кепилдик берилбейт.
Ысык-Көл тамыры менен дарылоо
Ысык-Көл тамырын COVID-19га каршы дары деп Садыр Жапаров өзү айтып чыккан. 15-апрелде ал социалдык тармактагы барактарында билдирүү жазып, жергиликтүү дарыгерлер «оору башталганда барсаңыздар бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты» деп билдирген. Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон.
Этият болгула, бул өсүмдүк уулуу, аны туура эмес дозада ичүү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Уулануунун негизги белгилери: шилекей агып, жүрөк айланып, окшуп жана ич өтүшү мүмкүн. Андан сырткары дем алуу кыйындап, адам ичиркенип, дене бою чымырагансып, көзү караңгылайт. Жүрөк токтоп калгансып, адам алсыз болуп, муздак тер басат жана кан тамырдын согушу бузулат, адам эсинен танып калышы дагы ыктымал. Мындан улам адамдын деми кысылып, жүрөгү токтоп каза табышы мүмкүн.
Кийинчерээк Facebook компаниясы Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнү белгилүү болгон. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.
Жапаровдун коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарыласа болот деп айткандарын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да кубаттаган.
Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өткөн басма сөз жыйында түз эфирде кайнатма ичкен. Ошол эле басма сөз жыйында Бейшеналиев медиктер уу коргошундун тундурмасын коронавирус жана башка илдеттер менен ооруган бейтаптарга берип жатышканын да билдирген.
Бейшеналиев басма сөз жыйында тундурмага тамырды канча кошуу керектигин президент Садыр Жапаров гана аныктай алаарын билдирген.
Парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети депутат Жанар Акаевдин Алымкадыр Бейшеналиевди ээлеген кызматынан бошотуп, ордуна компетенттүү кишини дайындоо сунушун колдогон. Министрге ишеним көрсөтпөөнү 9 эл өкүлү колдоп, комитеттин бөлүмү тиешелүү катты премьер-министр Улукбек Мариповго жолдорун билдирген. Кийин аталган комитет министр алардын жыйындарына келбей койгону үчүн аны кызмат ордуна дал келүүсүн парламенттин жалпы жыйынында кароо керектигин билдирип, чечим кабыл алышкан.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 20-апрелде Бишкекте уу коргошундан (акониттен) төрт киши ууланганын кабарлаган. Алардын баары ооруканага оор абалда жеткирилген. Министрдин айтымында, ууланган төрт киши «алардын» кайнатмасын ичкен эмес, алар өз билемдик менен дарыланып жатышкан.
«Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө комиссия барып текшерген жана биздин дарылоодон кийин эч кандай абалы начарлоо болбогонун аныктаган [...] Жабыркагандар биздин кайнатманы алышкан эмес. Адамдар эмнеден ууланганын алгач сураш керек да. Булар онкологиялык оорусу бар адамдар экен, мурдатан эле өздөрү ичип жүрүшкөн. Ашказандын рак ооруларына илгертен эле уу коргошун ичишчү. Аларды дарылап жүргөн киши дозасын туура эсептебей койсо керек», — деген ал.