Инандынын адвокаты УКМКны мекемелер аралык тергөө тобунун курамынан четтетүүнү суранууда

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Инандыны издөөдөгү УКМКнын «калыстыгынан күмөн санап», комитетти Инандынын жоголгонун териштирүү боюнча мекемелер аралык тергөө тобунун курамынан четтетүүнү суранды. Бул тууралуу ал «Фейсбук» барагына жазды.

«Прокуратура дагы, УКМК дагы жактоочу тараптын өтүнүчүнө эч кандай жооп кайтарбай жатканына 4 күн болду. Биздин прокуратура менен УКМК ушундай “иштейт”», — деп жазды Токтакунова.

Анын айтымында, «Сабах» аталышындагы түрк басылмасынын «Орхан Инандынын жоголушуна Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин катыштыгы бар» деген маалыматына тиешелүү органдардын үн катпай жатканы шектенүүгө себеп болгон.

6-июнда Түркиянын улуттук телеканалынын алып баруучусу Ферхат Үнлү мамлекеттик «Сабах» басылмасына макала жарыялаган. Анда автор Кыргызстандын президенти УКМКга Орхан Инандыны камакка алууга буйрук берген деп жазат. Ошондой эле ал жоголгон Орхан Инанды, аны колдоп митингдерге чыккандар менен Фетхуллах Гүлендин ФЕТО* уюму менен байланыштуу деген таризде жазган.

*ФЕТО же Гүлендин жактоочулары — Түркияда террористтик деп табылган түрк жазуучусу Фетхуллах Гүлендин идеяларынын айланасында жаралган Түркиянын коомдук кыймылы. Кыймылдын ишмердиги билим берүү тармагында (140тан ашуун өлкөдө кыймылдын жактоочулары ачкан 1400гө чукул мектеп иштейт) жана конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүүдө өзгөчө активдүү.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Андан бери ИИМден Инандыны табууну талап кылган онго жакын митинг өткөн.

Инандынын иши коомчулукта резонанс жаратып, президент Садыр Жапаровго чейин жеткен. Ал өз кезегинде УКМК менен ИИМге Инандыны издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган.

Ал арада «Сапаттын» бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандыны тапкан адамга 1 млн доллар сый акы жарыялашкан.

Кийин, 2-июнда ИИМ Инандынын жоголушу боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Ведомство аталган иш бюнча сотко чейинки өндүрүш иштери ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

6-июнда Орхан Инандынын жубайы видеокайрылуу аркылуу анын жолдошу Бишкектеги Туркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экендигин айткан. Ал эми Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Орхан Инанды элчиликте деген маалыматты төгүндөгөн.

Президент Садыр Жапаров Түркиядагы мамлекеттик иш сапарында дайынсыз жоголгон Орхан Инанды маселесин көтөргөн. Өлкө башчысынын басма сөз кызматы: «Режеп Тайип Эрдоган [Орхан Инандыны] тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбестигин айтты», — деп билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Human Rights Watch кыргыз бийлигин Орхан Инандынын уурдалышын иликтөөгө чакырды

«Эрдоган аны тааныбайт экен». Жапаров Түркиядагы сапарында Орхан Инанды маселесин көтөрдү

Орхан Инандыны издөө учурунда 164 кылмыштын бети ачылды