Орхан Инанды 10 күндөн бери дайынсыз. Анын табылышын талап кылган кезектеги митинг өттү

Бишкекте дайынсыз жоголгон «Сапат» мектептеринин президенти Орхан Инандынын табылышын талап кылгандардын акциясы уланып жатат. Алар 1-июндан бери күн сайын митингге чыгышууда.

Бүгүн, 9-июнда, Инандынын тарапташтары алгач өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, андан ары акцияны Жогорку Кеңештин имартынын алдында улантышты. Алар Инандынын жагдайын парламенттин жалпы жыйынында талкуулоону талап кылышты.

Орхан Инандынын табылышын талап кылгандар Ак үйдүн алдына келишти. 2021-жыл, 9-июнь.

Орхан Инандынын жубайы Рейхан 6-июнда видео кайрылуу жасап, жолдошу Түркия элчилигинин имаратында кармалып тургандыгы тууралуу маалыматы бар экенин айткан. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доган Орхан Инанды «элчиликтин имаратында кармалып жатат» деген маалыматты төгүндөгөнүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирген.

Өз кезегинде ИИМ 9-июнда Орхан Инандыны издөө учурунда 164 кылмыштын бети ачылганын маалымдады.

Орхан Инандынын жоголушу

«Сапат» билим берүү мекемесин жана «Ала-Тоо» эл аралык университетин негиздеген Орхан Инанды 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмү аны издөө үчүн атайын топ түзүлгөнүн маалымдаган.

1-июндан тартып Бишкекте Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, өкмөт үйүнүн жана Ак үйдүн алдында Орхан Инандынын табылышын талап кылган акциялар өтүп жатат, ал токтой элек.

Мындан сырткары, 2-июнда Ош шаарында «Сапат» түрк лицейинде окуган окуучулардын ата-энелери маалымат жыйын курушуп, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасашкан. Алар Орхан Инандыны аман-эсен табууну жана «Сапат» лицейин саясатка аралаштырбоону талап кылышкан.

Инандынын жоголуусуна өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы үн катып, УКМК менен ИИМге аны табуу үчүн кошумча күчтөрдү жумшоону тапшырган. Ал эми ИИМ «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ошондой эле ИИМ Орхан Инандыга Интерпол аркылуу издөө жарыяланганын кабарланды.

Орхан Инанды өлкө башчысы Садыр Жапаровдун Түркияга боло турчу иш сапарынын алдында уурдалган. Жапаровдун Түркиядагы иш сапары 9-11-июнга чейин уланат.

ТЕМА БОЮНЧА: Митингдин төртүнчү күнү: Орхан Инандыны тапкан адамга 1 млн доллар сый акы берилет

Ошто «Сапат» лицейинин ата-энелер комитети Орхан Инандыны табууну талап кылышты

«Sabah» басылмасы «Орхан Инанды Кыргызстанда кармалды» деп жазды