Ош ШИИБи: Бул ирет шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча маалымат үч эсе аз келип түштү

11-апрель, Оштогу шайлоо участокторунун биринде кезек күткөн шайлоочулар. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Ош ШИИБдин тергөө кызматынын башчысы Алмаз Кадыров 11-июлда шайлоо аяктагандан кийин Ош АШКсынын төрагасы Урмат Аттокуров менен бирге маалымат жыйын курду. Анда Кадыров бул ирет мыйзам бузуу тууралуу маалымат өткөнкү шайлоого салыштырмалуу үч эсе аз катталганын билдирди.

Анын айтымында, 11-апрелде шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу 144 маалымат келип түшкөн. Ал эми 11-июлда саат сегизге чейин милицияга келип түшүп, катталган билдирүүлөрдүн саны 40ты түзгөн.

Кадыров бузуулар боюнча соцтармактардан жана жарандык активисттерден да билдирүү келип, алардын «тастыкталбагандары» да болгонун белгиледи.

«Факты сураган учурда алар “биз сиздерге шек менен кабар бердик” деген учурлар болуп жатты. Ошол себептен кээ бир кабарлар ордун таппай ошол учурда кыскарууга жатат», — дейт ал.

Мындан сыркары тергөө кызматынын башчысы 11-июлга чейин ШИИБ шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 10 сотко чейинки өндүрүштү каттап, алардын ичинен добуш сатып алуу боюнча үч ишти соттук кароого жибергенин кошумчалады.

Шайлоого бир күн калганда ШИИБ «Улуттар Биримдиги» партиясынын өкүлүн добуш сатып алууга шектеп кармаган. 9-июлда милиция шайлоочуларга 1 500 сомдон тараткан киши кармалганын маалымдаган.

Ал эми 7-июлда Ош шаардык милициясы ушул эле шек менен үч кишини кармаган. Алардын жанынан 115 миң сом табылып, алардын бири «Ынтымак» саясий партиясынан талапкер болгон Бахадир Латиханов болуп чыккан.

Милиция 11-июлдагы шайлоодо мыйзам бузуу аз катталды дегени менен соцтармактарда жана ЖМКларда добуш сатып алуу, мыйзамсыз үгүт жүргүзүү, шайлоочуларды массалык түрдө ташуу фактылары боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып жатты.

Мындан сырткары журналисттердин ишине милиция өзү тоскоолдук жаратканы айтылды.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өттү. Ош шаарында алдын ала жыйынтыктар боюнча «Ата-Журт Кыргызстан», «Биздин Кыргызстан», «Улуттар Биримдиги» жана «Бир бол» партиялары жеңишке жетишти.

Видео: Ошто акча тараткандар менен «Ата-Журт Кыргызстандын» кандай байланышы бар?

Видео: Ош шаарында шайлоочулар массалык түрдө ташылып жатат

Ош: «Биздин Кыргызстандын» талапкери шайлоо участогунда үгүттөп жүргөнү айтылды

Ош: №5303 участоктогунда журналисттердин ишине тоскоолдук жаратылды

Шаардык кеңештерди кайра шайлоо: «Клооп» саат 12ге карата кандай мыйзам бузууларды каттады?