Президент Садыр Жапаровдун фейсбуктагы посту ача пикир жаратты

Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына пост жарыялап, анда «убактымды куугунтукка эмес, өлкөнү өнүктүрүп бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө жумшашым керек» деп жазды.

Айрым фейсбук колдонуучулар Жапаровдун айткандарынг колдосо, айрымдары аны кескин сынга алышты. Кээ бир колдонуучулар «сөзүңүз менен ишиңиз дал келбейт» десе, кээ бирлери «Кыргызстанда башка улуттар да жашайт» деп эскертишти.

Өлкө башчынын постунун астында комментарий калтыргандардын арасында журналист Канат Каниметов жана «Туран» партиясынын мүчөсү Тилекмат Кудайбергенов (Күрөңөв) дагы бар.

«[Убактымды куугунтукка жумшабайм] деп коюп “Цензура жөнүндө” (“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө”) мыйзамды чимкириктерге беш бармак жедирип туруп кабыл алдырып койдуңуз», — деп какшыктады Каниметов.

*Каниметов «Апрель» текеканалынын журналисти. Ал март айында УКМКга Абдил Сегизбаевге тийиштүү «Белизгейт» иши боюнча күбө катары суракка чакырылган. Сурактан кийин журналист тергөөчү аны кылмыш иши менен коркутканын билдирген. Кийинчерээк Каниметов милиция кызмактерлери анын Балыкчыдагы үйүнө келишип, ал жерде жашаган тууганына «үйдү тинтийбиз» деп коркутканын айткан. Көп өтпөй милиция Каниметовго карата «Майда бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок сот тергөөчүнүн аракетин мыйзамсыз деп тапты.

Ал эми 21-27-июлдарда Садыр Жапаров депутаттарды резиденцияга чакырып чай берген. 28-29-июлдарда депутаттар депутат Гулшат Асылбаеванын «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзам долбоорун жана президент демилгелеген шайлоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Чайга барбаган депутаттардын бири Жанар Акаев муну «мамлекеттик коррупция» деп атаган. Ал эми депутат Рыскелди Момбеков кесиптештерин «эки жолу чай бергенде эрип кеттиңерби» деп сындаган.

Тилекмат Кудайбергенов болсо Жапаровдун постуна «Туран» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов абакта «ак жеринен отурат» деп жазды. ИИМ Молдокматовду 6-майда кармаган. Ал 5-6-9-октябрдагы окуяларда «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» шектелип жатат.

Сот Молдокматовду №1 тергөө изоляторуна киргизип, 23-июлда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Саясатчы 26-июлдан тарта ачкачылык жарыялады.

Күч органдары Кудайбергеновдун өзүнө да «Бийликти басып алууга аракет кылуу» беренеси менен айып тагышкан. Учурда ал үй камагында. Кудайбергенов да, Молдокматов да бийликтин аракеттерин кескин сындап келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Садыр Жапаров журналисттерге куугунтук кайсыл учурда болбой турганын айтты

Садыр Жапаров: Биз бирөөнү да куугунтуктаган жокпуз

Бири камакта, экинчиси дайынсыз. Активисттерге «аңчылык» башталдыбы?