Мандат алган «Ош-Тазалык» жана «Ош шаар суу каналдын» жетекчилери кызматтан кетти

Нурбек Исмаилов / Дөөлөтбек Көкөчөров

«Ош-Тазалыктын» башчысы Нурбек Исмаилов менен «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөров 30-июлда кызматын тапшырды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Исмаилов жана Көкөчөров Ош шаардык кеңешке депутат болуп шайлангандыктан ээлеген кызматынан кетти. Экөө тең «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен мандат алды.

Ал эми 2020-жылы пандемиядан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган Ош шаардык кеңештин шайлоосунда эки аткаминер «бийликчил» делген «Биримдик» партиясынын тизмесинде болчу.

Ошондой эле, журналисттер Исмаилов, Көкөчөров баштаган Оштун башка муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери үгүт маалында «Биримдиктин» штабында чогулганына күбө болушкан.

Учурда «Ош-Тазалыкты» жетекчинин орун басары Сардор Тажибаев, ал эми «Ош шаар суу каналды» башкы инженер Ормош Осмонов убактылуу жетектеп турат.

Нурбек Исмаилов

Нурбек Исмаилов — эрежесиз эр уруштун мушкери. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, ал «Адыгине Файтер» спорттук клубунда машыккан. «Ош-Тазалыкка» келгенге чейин Ош шаарынын борбордук базарында салык инспектору жана автобустар паркында жетекчинин орун басары болуп иштеген.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо Исмаилов «Адыгине Файтер» клубунун спортчулары менен бирге Ош шаарындагы шайлоо участкаларынын бирин көзөмөлдөгөн. Бир нече ЖМКлардын өкүлдөрү — алардын арасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров — Исмаиловдун спортчулары шайлоону жүрүшүн чагылдырган журналисттерди ур-токмокко алган деп айыптаган. Бирок иш сотко жеткен эмес.

Кийинчерээк, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо, Исмаилов жетектеген «Ош-Тазалыктын» кызматкери Достук Жолдошов жана Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов «Клооптун» журналисттерине кол салган. «Клооп» өз ара иликтөө жасап, Жолдошов да, Алмаматов да Нурбек Исмаилов менен бирге машыгып жүрүшкөнүн аныктаган.

ТЕМА БОЮНЧА: «Биримдик» жана мушкерлер. Ошто шайлоодо журналисттерге кимдер кол салган?

Ал эми журналисттик иликтөө жарыяланып, укук коргоо органдары бул окуяны териштирип баштаганда Достук Жолдошов «Ош-Тазалыктан» кетип калган.

Мындан сырткары «Клооп» Исмаилов «Ош-Тазалыкты» жетектеген учурда күйүүчү майды бир гана «Россия-Нефть» ЖЧКсынан алганын аныктаган . Бир учурда компаниянын негиздөөчүлөрүнүн катарында экс-бажычы Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова да болгон.

Ал эми «Россия-Нефть» компаниясынын негиздөөчүсү Алишер Козуев Тургунова менен болгон өнөктөштүк төрт күн гана созулганын билдирген.