Чек ара кызматы: Подполковник Талгат Алановдун үй-бүлөсүнө батир берилет

Чек арадагы коррупция тууралуу айтып чыккан чек ара кызматынын офицери, подполковник Талгат Алановдун сөөгү 22 июлда өзү туулган Кара-Суу районунун Каратай айылында жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатууга анын 50дөн ашуун жакындары чогулган. Ошондой эле, Алановдун жаназасына келген Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов маркумдун үй-бүлөсүнө батир берилерин убадалады. Анын артында жубайы жана алты баласы калды.

Ош облусу боюнча чек ара башкармалыгынын чек араны көзөмөлдөө, уюштуруу бөлүмүнүн улук офицери, подполковник Талгат Аланов 1982-жылы Ош облусунун Каратай айылында туулган. Ал 21-июлда эмгек өргүүсүндө жүргөндө, айылдагы атасынын үйүндө каза болду.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Алановдун жүрөгү токтоп калган. Мындан сырткары Каратай айылынын башчысы Таалайбек Бадиринов «Турмуш» басылмасына маркумдун абалы ал бир жакка барып келгенден кийин начарлап кеткенин билдирген.

«Бир жактан үйүнө келип, суу ичип, кусуп, жаман абалда болгон экен. Анан тез жардам кызматын чакырып, ал келгенге чейин үзүлгөнбү же ооруканага жетпей көз жумганбы, айтор кайтыш болуп калыптыр. Кечээ кечинде үйүнө барсам эксперттер жүрүптүр. Эксперттер текшерип кетишиптир деп угуп жатабыз», — деген Бадиринов.

Ошондой эле, аталган басылмада Алановдун үйүнө чек ара кызматкерлери, Ош облустук ички иштер башкармалыгынан тергөөчүлөр баргандыгы жана маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертизадан баш тарткандыгы айтылат.

Чек арадагы коррупция тууралуу маалымат жыйын

Подполковник Талгат Аланов Ошто чек ара кызматындагы коррупция тууралуу мындан бир жыл мурун ноябрда басма сөз жыйынын курган. Андан көп өтпөй анын беш кесиптеши «кадыр-баркыбызга шек келтирдиң» деп анын үстүнөн Ош шаардык сотуна кайрылышкан. Алар жалпысынан Алановдон 500 миң сом компенсация талап кылышкан.

Аталган окуя боюнча сот отуруму үстүбүздөгү жылдын 2-мартында башталып, Талгат Аланов жактоочу жалдоого каражаттын жоктугунан, өзүн-өзү коргоп жаткандыгы маалымдалган. Көп өтпөй көптөгөн активисттер Алановго адвокат жалдоо үчүн каражат чогулта башташкан. Кийинчерээк анын кызыкчылыгын сотто «Кылым шамы» адам укуктарын коргоо уюмунун жактоочусу коргомокчу болгон.

Ошондой эле, аталган ишке байланыштуу сот отурумунда судья чек ара кызматкеринин айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындаган болчу.

Аланов басма сөз жыйында «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларына токтолуп, кызмат орундары акчага сатылаарын, чек ара кызматчыларын бир бекеттен экинчи бекетке которуулар жетекчилерге акча берүү менен коштолоорун маалымдаган.

Көп өтпөй Талгат Аланов телефон аркылуу коркутуулар жана кызматтык куугунтук болуп жаткандыгын айткан. Ошондой эле, өткөн жылдын 12-декабрында ал Ак үйдүн алдында президентке кайрылуу жасап, аны кабыл алууну өтүнгөн.

Андан сырткары үстүбүздөгү жылдын январь айында подполковник Аланов Чек ара кызматынын төрагасы Улан Шаршеевди түз эфирде өтчү дебатка фейсбуктагы баракчасы аркылуу чакырган. Бирок Шаршеев дебатка келген эмес.

Андан мурдараак ведомстводон Аланов уруксатсыз 300 ирет чет жакка чыгып келгенин кабарлашкан. Ош облусттук чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматынан бул тууралуу маалыматтар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн билдиришкен.

Кийинчерээк Алановду Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кабыл алган. Жолугушууда Алановдун Ош гарнизондук Аскер прокуратурасына берген арызынын негизинде башталган сотко чейинки өндүрүш Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын көзөмөлүнө алынаары маалымдалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Чек ара офицери өзү иштеген ведомстводогу коррупция тууралуу айтып чыкты

Чек арадагы коррупцияга даттанган офицердин айткандарына укуктук баа берилет — Чек ара кызматы

«Достуктун» башчысы кызматынан убактылуу четтетилди — буга чейин чек ара офицери коррупция тууралуу билдирген

Чек арадагы коррупция тууралуу айтып чыккан офицер коркутууларга даттанды

Чек арадагы коррупцияга даттанган офицер Ак үйдүн астында президентке кайрылды

«500 миң сом компенсация». Чек арадагы коррупцияга даттанган офицерди кесиптештери сотко беришти

Коррупция тууралуу айтып чыккан офицер чек ара кызматынын төрагасын дебатка чакырды

Коопсуздук кеңеши чек арадагы коррупцияга даттанган офицердин жазган арызын көзөмөлгө алды

Коррупцияга даттанган офицердин айткан сөздөрүнө лингвистикалык экспертиза дайындалды

«Чек арада таза адамдар иштешин каалайм». Аланов журналисттердин суроолоруна жооп берди

Жарандык активисттер Алановго жактоочу жалдоо үчүн каражат чогулта башташты

«Жактоочу жалдоого акчам жок». Талгат Алановдун иши боюнча сот отуруму башталды