Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасына маек курду. Интервьюда ал бийлик бажыдагы жана салык кызматындагы коррупция менен күрөшөрүн айтты. Чиновник бажы төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча дагы оюн билдирди.
«Коммерсанттын» журналисти Жапаровдон «бажыда так кесе кандай иштер жасаларын» сурап, «абак мөөнөтү менен аяктабай калган» бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча иликтөөнү мисал келтирди.
Жапаров буга «өткөн-кеткен менен күрөшүүгө убактысы да, каалоосу жок экенин» айтып жооп берди.
«Биз бүгүн эртеңки күн үчүн иштеп жатабыз. Жаңы технологияларды киргизип жатабыз. Бул буга чейин Кыргызстанда активдүү киргизилбей келген санариптештирүү жана виртуалдык кампа, электрондук эсеп-кысап, борбордук кассалык-машиналар, маркирлөө, шртрих-коддор. Мында бизге Орусиянын өкмөтү активдүү жардам көрсөтүп жатат, ал тургай кесиптештеримден салык жана бажы системасын үч жылда эмес, кийинки жылдын аягына чейин фискалдаштырууга өткөрүп бүтүрүүнү суранып жатам. Бирок эң башкысы — оюндун бирдей эрежелерин түзүү каалообуз бар. Мурун товарларды төмөн баада бажыдан өткөргөн айрым компаниялар менен адамдардын тобу бар болчу. Мындай артыкчылыктар болбойт, жүк ташууну көбөйтүүнү мүмкүн кылган жөнөкөй жана баарына бирдей эреже болот. Бул биринчиде турган приоритетибиз — “таза колдор” операциясы», — деп билдирди ал.
Анын айтымында, бажы кызматы 2020-жылы 52 млрд сом жыйнашы керек болсо, кийинки жылга 100 млрд сомго жеткирүү планы коюлат.
«Буга жетиш үчүн бизде ноябрь, декабрь айлары калды. Бажы жана салык кызматтарына жаңы жетекчи келди, бул түзүмдөрдө жыл сайын болуп келген ошол үнсүз саботаж жаңы технологиялардын, жаңы билимдин жана жаңы кадрлардын көмөгү менен жокко чыгарылат», — деп билдирди ал.
Буга чейин Жапаров минкаб салык жыйымдарын 100 млрд сомдон 150 млрд сомго жеткирүүнү көздөп жатканын айткан.
«Жалпы жонунан быйыл жыл аягына чейин бул булактардан 280 млрд сом менен бүтүрөбүз, эмдиги жылы буюрса 400 млрд сомдун деңгээлинде бюджетти аткарабыз», — деп 13-октябрда убада берген Жапаров.
Бажы жетекчилигинин алмашуусу
Үстүбүздөгү жылы бажы кызматында жетекчилик эки жолу алмашты. Июнда бул кызматка Кадыржан Семеетевдин ордуна Самат Исабеков келген.
Октябрда Исабеков «башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу» ээлеген кызматынан кеткен. Бажыны анын ордуна Адилет Кубанычбеков жетектеп баштаган.
Тема боюнча окуңуз: Factcheck.kg: Бажы кызматынын төрагасы ири ишкер болуп чыкты, ага алты компания катталган
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, кыргызстандыктар 2020-жылдын биринчи жана экинчи жарым жылдыгында Мамлекеттик бажы кызматын эң эле коррупциялашкан орган деп аташкан.
Матраимов жана бажыдагы коррупция
Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.
Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.
Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.
Матраимовдордун кланы кыргыз саясатына чоң таасир эткен — анын улуу агасы Искендер Матраимов парламенттин депутаты. Аларга байланыштуу «Мекеним Кыргызстан» партиясы 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен.
Бирок, нааразы болгон жарандар Ак үйдү басып алышкандан кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Митингдин чыгышына шайлоодо админресурс колдонулганы, ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана бурмалоо себеп болгон. Көбүнчө добуш сатып алууга дал ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясын айыпташкан.
11-февралда Бишкекте Райымбек Матраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп, ал күнөөлүү деп табылган. Бирок сот ага 260 миң сом айып салып, андан соң эсептерин камактан чыгарган. Сот мындай чечимди Матраимов тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсепке 2 млрд сом — 1,4 млрд сом акчалай, 600 млн кыймылсыз мүлк түрүндө төгүп бергендиктен кабыл алган.
Тема боюнча:
Блогер-депутат. Матраимовду актап, мамкызматка кайра алып келүүнү сурангандар кимдер?