Адахан Мадумаров: БШКнын алдына нааразычыкка чыккан партиялардын талаптары 100% туура

Адахан Мадумаров

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын койгон талаптарын «туура» деп атады.

Мадумаров шайлоо бүтөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасында мүчүлүштүктөр орун алганда «көз боёмочулук болгон» деп эсептейт.

«Мындан өткөн шалтурук, мындан өткөн сабатсыз, мындан өткөн алсыз, мындан өткөн караңгы бийлик барбы өзү негизи? [...] 28-ноябрда жыйынтык чыгаар замат компьютерде дал ушул жерде туруп айттым: “Компьютер 15-20 мүнөткө өчөт, чоң химия башталат, көз боёмочулук башталат”. Күйгөндөн кийин көрдүңүздөр. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдына чыгып жаткан партиялардын койгон дооматтары 100% адилеттүү, коюп жаткан талаптары туура», — деди ал.

Дагы окуңуз: Адахан Мадумаров шайлоо тууралуу: Азыр олтуруп алып «химия» жасашат

Партиянын лидери шайлоонун жыйынтыгы «дүйнөнү эмес, бардык нерсени көргөн Кыргызстандын элин таң калтырды» деп билдирди. Муну «аты жок, жыты жок» партиялар Жогорку Кеңешке өттү деп түшүндүрдү.

«Эч кимдин аты жок, эч бир жерде жолугушуу өткөрбөгөн, жетекчиси ким экенин да билбеген “кол бала” партияңарды парламентке чачтан сүйрөп алып баратасыңар», — деди Мадумаров.

Мадумаровдун айтымында, бийлик «шайлоого келбегендерден пайдаланып, каалаганын жасады».

«Мына ошол кайдыгерликтин кесепети Кыргызстанды аябай артка тартып жатат. Эмнең кетмек бир саатта өз мамлекетиң, элиң үчүн, өз элиңдин тагдыры үчүн, бир саатты дем алышта коротуп коюуга дагы ыраа көрбөгөндөн кийин биз өз тагдырыбызга нааразычылык билдирүүгө?», — деп суроо салды Мадумаров.

БШКнын сайтындагы системанын үзгүлтүккө учурашы

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктагандан кийин БШКнын сайтындагы маалыматтык система убактылуу иштебей калып АСУнун жыйынтыктары өзгөргөн.

Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин, партиялар алган пайыздардын жалпы суммасы 150%га жеткен, ал эми жеңишке жеткен партиялардыкы 130%дан ашкан. БШК бир канча убакыттан кийин каталарды оңдогон, бирок андан кийин да кээ бир маалыматтар дал келген эмес.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын негизги системасында эч кандай мүчүлүштүктөр жок экенин айтып, сайттагы маалыматтар туура экенин билдирген. Ал «таблицадагы кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган» деп белгилеген.

Буга карабастан бир нече партия шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын тааныбасын билдирип, бийликти жыйынтыкты бурмалоого айыпташкан. 29-ноябрда партиялардын тарапташтары Боршайкомдун алдына митингге чыгышкан. Ал жерде бийликке эки күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындап, БШКнын мүчөлөрү менен өкмөттү отставкага кетирүү талабы коюлган.

Ал эми БШК жооп катары «механикалык ката» үчүн кечирим сурап, бул тууралуу толук маалымат берүү үчүн партия өкүлдөрүн чакырууну убадалаган. Көп өтпөй БШК сайттагы мүчүлүштүк «кызматкердин катасынан улам болгон» деп билдирген. Дал ушул версияны окуяны териштирип баштаган УКМК жүйө келтирүүдө.