Сот активист Мелис Аспековду камакта калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 250 миң доллар опузалоого шектелген активист Мелис Аспековдун ишин карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу «Клоопко» Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Айзада Момунова билдирди.

Анын айтымында, Аспековдун жактоочулары анын күнөөсү жок экени боюнча далилдер чогулганын айтып, бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүшкөн.

«Жактоочулар Аспековдун жүрөгүнө операция жасалганын эске алып, ага камакка алуу менен байланышпаган бөгөт чара колдонууну жөнүндө өтүнүч келтиришке. Сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок», — деп билдирди ал.

Момунова Аспековдун ишин кароо уланып жатканын белгилеп, ал канча убакытка камакта калтырылганы тууралуу алдын ала маалымат бере албасын кошумчалады.

Аспековдун иши

Мелис Аспеков.

Активист Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар пара опузалоого шектелип 2021-жылдын анварында кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Аспеков дагы бир активист Улан Жураев менен ишкананын жетекчилигин финпол тарабынан текшерүү жөнөтөбүз, «Кыргыз темир жолуна» каршы митинг уюштурабыз деп ири суммадагы акча опузалашкан.

Бул окуядан кийин, ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Садыр Жапаров Аспековдун кармалышына карата оюн билдирип, «ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек» деп билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын май айында, Аспеков фейсбук барагы аркылуу «Садыр Жапаров президенттик шайлоого Жээнбековдордон 10 млн доллар алган» деп жарыялаган. Көп өтпөй анын посту өчүрүлгөн.

Андан кийин Жээнбековдор ар-намысы менен кадыр баркын коргоо үчүн сотко арыз беришкен. Бирок Аламүдүн райсоту арызды кыргызча жазылбагандыктан доогерлерге кайтарып берген.

Ошол эле айда Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылганын билдирген. Аспеков бул аракеттер кызматтын жетекчисинин буйругу менен «Чоң Казат» партиясынын лидери Сыймык Жапыкеевге каршы «жалган көрсөтмө алуу үчүн» жасалып жатканын айткан.

УКМКдан Аспеков кыйноого алынганын четке кагышкан. Көп өтпөй, 24-майда УКМК тарабынан Аспековго «алдамчылык» беренеси менен дагы бир кылмыш ишин козголгон. Тергөөнүн маалыматы ылайык, Аспеков соттолгон тууганын бошотуу маселесин чечип берем деп аялдан 15 миң доллар алып, алдап кеткен.

Аспеков 9-августта инфаркт болуп, тергөө абагынан ооруканага жаткырылып, жүрөгүнө операция жасалган. Анын иниси Азамат Аспеков агасына өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айткан.

Мелис Аспеков деген ким?

Мелис Аспеков — 2020-жылдын октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингге катышкан активист. Анда учурдагы президент Садыр Жапаров колониядан чыккан.

Садыр Жапаров менен Мелис Аспеков 8-октябрда.

Активист Садыр Жапаровду активдүү колдоп, социалдык тармактарда ага үгүт кылган. Көп өтпөй Жапаров премьер болгондон кийин Аспековдун бейбаштык боюнча соттуулу жокко чыгарылган.

Аспеков азыркы президент жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланышы бар делген «Мекенчил» партиясынын мүчөсү болгон.

Ал эми октябрдын аягында Садыр Жапаровдун кадрдык дайындоолоруна нааразы болуп, ачкачылык жарыялай турганын айткан.

Ноябрь айында президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганын айткан.

Ошол эле жылдын декабрында Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин активисттер Мелис Аспеков жана Төрөхан Жунусбековдун үстүнөн Боршайкомго жана ИИМге арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Аспеков менен Жунусбеков Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн» пайдаланышкан жана саясатчынын штабына эч кандай тиешеси болгон эмес.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Садыр Жапаровдун мурдагы тарапташы Мелис Аспековдун жүрөгүнө операция жасалды