Болот Темиров баңгизат колдонбогонун далилдөө үчүн канынан анализ тапшырды

Иликтөөчү журналист Болот Темиров баңгизат колдонбогонун аныктоо үчүн 1-февралда Республикалык наркология борборуна канынан анализ тапшырды. Бул тууралуу «Клоопко» иликтөөчү журналист өзү билдирди.

Темировдун айтымында, кан тапшырууну тергөөчү талап кылган, азырынча жыйынтыгы чыга элек.

«Наркологияга кан тапшырдым, анан тергөөчү кандын үлгүсүн соттук-медициналык экспертизага жеткирди», — деп билдирди Темиров.

Аны менен катар, журналист буга чейин Темировдун заара анализин таза деген жыйынтык чыгарган эксперт суракка чакырылганын кошумчалады. Бул маалыматты Болот Темировго наркология борборундагы дарыгерлер айтышкан.

Темиров 23-январда баңгизатка байланыштуу кармалган түнү заарасынан анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан болчу.

Ал эми 28-январда кеч курун Temirov live’дын бардык кызматкери күбө катары суракка чакырылып, эки сааттан ашык Бишкек ШИИБине суралган. Бирок суракка Болот Темиров барган эмес. Ал эми адвокат Замир Жоошев сурак «эки тараптуу сый мамиледе» өткөнүн билдирген.

Темировго «Баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен айып тагылып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

Темиров менен Назаровдун кармалышы

Болот Темировду кармоо учурунда.

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бастырып келип, тинтүү жүргүзүшкөн.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар Темировду полго жаткызып, чөнтөгүнөн белгисиз бир зат алып чыгышканын айткан.

Ал күнү милиционерлер Temirov Live’дин кеңесесиндеги техникалык жабдууларды, процессорлорду жана айрым документтерди алып чыгып кетишкен.

Кийин Темировдун колун кайрып, кишендеп наркология бөлүмүнө жеткиришкен. Анын организиминен баңгизат табылган эмес. Экспертиза бүткөндөн кийин иликтөөчү журналист милиционерлер анын чөнтөгүнө «полиэтилен баштыкчада жашыл зат салып коюшканын» билдирген.

Ошол эле күнү милиция төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Назаров менен Темиров кармалгандан кийин 23-январда Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында митинг өтүп, активсттер менен журналисттер акын менен журналистти бошотууну талап кылышкан.

Ал жерге Назаровду колдогон акындар да келип, милициянын «чектен чыгуусу» тууралуу төгүп ырдашкан. Кийин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Ошондой эле журналисттер Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси менен Шайырбек Ташиевдин байланышы бар экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы басма сөз жыйында куруп, Болот Темиров жарыялаган иликтөөдөгү маалыматтарды «жалган жалаа» деп атап, мазут экспорттолуп жатканына «кубанышыбыз керек» деп билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик компаниясынын башчысы Байгазы Матисаков 25-январда өзүнүн «таза» экенин, «анын ишине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок» экенин айткан. Ошондой эле Матисаков компания иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасын сотко берүү маселесин карап жатканын билдирген.

Тема боюнча:

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?