«Отурганыма 271 күн болду». Саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

Бишкек шаардык соту 2-февралда Октябрь окуяларына байланыштуу айыпталып, камакка алынган «Туран» саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Молдокматов өзү билдирди.

«Түрмөдө отурганыма 271 күн болду. Ушул күнгө чейин дем, күч берип колдоп турган жалпы элиме, колдоочуларга, өзгөчө журналисттерге терең ыраазычылык билдирем. Рахмат айтам. Эми буюрса үйгө чыктык, элиме чыктым. Мындан ары кайрат күч менен эл жерибизге кызмат кылууга даярмын», — деп билдирди Молдокматов.

Бишкек шаардык сотунан «Клоопко» Молдокматов 18-февралга чейин үй камагында болоорун билдиришти.

Молдокматовдун кармалышы

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Жеңиш Молдокматовду 2021-жылдын 6-майында кармаган. Ал «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелүүдө.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Молдокматов 5-6-октябрь күндөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратын басып алып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди бошотууга мажбурлаган. Кийинчерээк саясатчынын адвокаты Кантемир Турдалиев саясатчынын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» алмашканын билдирген.

Бул иштин алкагында күч органдары ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановду жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязовду кармаган.

Ал эми Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 8-майында Молдокматовду эки айга камакка алган — саясатчы ошол күндөн тарта тергөө абагында болгон. «Туран» партиясынын лидери абактан жазган катында мамлекетте «адилеттүүлүккө жана чындыкка болгон үмүт өчтү» деп билдирген.

Кийинчерээк Молдокматов ага дагы үч берене боюнча айып тагылганын кабарланган, алар: «Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу», «Бийликти күч менен басып алуу» жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук».

Молдокматов абакта «басымга кабылганын» билдирген, бирок ЖАК бул маалыматты четке каккан. Ошондой Молдокматов күч органдары анын аялын жана кызынын телефондорун тыңшаганын билдирген.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов буга чейин президент Садыр Жапаров баш болгон бийликти сындап келген. Молдокматов Жапаров демилгелеген Баш мыйзамга каршы экенин билдирип «Ханституцияга каршы» борборду жетектеген. Ал жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бийлик узурпацияланышы мүмкүн экенин айткан.

Ошондой эле саясатчы «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жээгинен Өзбекстанга жер берүүгө каршы чыгып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш-аракетин сынга алган.

Мындан сырткары Молдокматов Ташиев кыргыз-тажик чек арасында ок атууларды алдын алууга аракет кылган жок деп сындап, анын отставкасын талап кылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жеңиш Молдокматов: Бийликти күч менен басып алгандар учуру келгенде жоопко тартылат

«Абакта азыркы бийликтегилер отурушу керек». Октябрь окуялары боюнча сот жылды