Зулушев Temirov Live’га байланыштуу ишти УКМК тергеп жатканын ачыктады. (Ташиев ИИМ иликтеп жатканын айткан)

Иликтөөчү Болот Темировдун кармалышы. Сүрөт: Азиза Раимбердиева / «Клооп»

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралда Temirov Live Youtube-каналынын башчысы, иликтөөчү журналист Болот Темиров жана каналдын кызматкери, төкмө акын Болот Назаровдун ишин УКМК тергеп жатканын билдирди.

Анткен менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аталган ишти ИИМ тергеп жатканын айтып ишендирген болчу. Ошол эле учурда атайын кызматтын башчысы Темиров менен Назаров «баңгизат колдонууга» байланыштуу кармалышканын ИИМден биринчи ачыктаган.

Башкы прокурор Temirov Live’дын журналисттеринин жеке жашоосу чагылдырылган видеолор соцтармактарга тарап кеткенине байланыштуу иликтөөнү Бишкек шаардык прокуратурасы жүргүзүп жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Зулушев Темиров жана Назаровго байланыштуу процессуалдык иш-чаралар ачыкка чыгып кеткени боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери жазаланганын айтты.

«Ал эми [Temirov Live’дын кызматкерлерин] наркологияда текшерип жаткан видеосу ички иштер кызматкерлери тарабынан ачыкка чыгып кеткен маалымат боюнча биз сунуш келтирип, ал боюнча Ички иштер министрлигинен эки кызматкер жазасын алды. Ал эми жанагындай өздүк жашоосуна кийгилишип, видео тарткандары боюнча, интимдик жашоо боюнча бизде азыр катталып, прокуратурада текшерүү алдында турат. Эгер далилденсе кылмыш иши козголот, биз аягына чейин чыгабыз», — деди Зулушев.

Буга чейин Болот Темиров милиция кызматкерлеринин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазганын билдирген.

Буга чейин «Адамдар арасында» аталыштагы Фейсбук баракчада Temirov Live’дын кызматкерлеринин жеке жашоосуна байланыштуу видеолор жарыяланган. Алардын биринде Temirov Live’дын эл аралык гранттар менен иштеген долбоорлодун жетекчисинин сексуалдык катнашынан кадрлар да болгон.

«Клооп», «Азаттык» жана OCCRP өлкөдөгү журналисттик иликтөө менен алектенген Temirov Live’дын кызматкерлери секс-шантажга, жалган жалаага жана аңдууга туш болгону аныктады. Журналисттик иликтөөнү төмөнкү шилтемеден окуй аласыздар.

Дагы окуңуз: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Темиров менен Назаровдун кармалышы

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бастырып келип, тинтүү жүргүзүшкөн.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар Темировду полго жаткызып, чөнтөгүнөн белгисиз бир зат алып чыгышканын айткан.

Ал күнү милиционерлер Temirov Live’дин кеңсесиндеги техникалык жабдууларды, процессорлорду жана айрым документтерди алып чыгып кетишкен.

Кийин Темировдун колун кайрып, кишендеп наркология бөлүмүнө жеткиришкен. Анын организиминен баңгизат табылган эмес. Экспертиза бүткөндөн кийин иликтөөчү журналист милиционерлер анын чөнтөгүнө «полиэтилен баштыкчада жашыл зат салып коюшканын» билдирген.

Ошол эле күнү милиция төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Назаров менен Темиров кармалгандан кийин 23-январда Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында митинг өтүп, активсттер менен журналисттер акын менен журналистти бошотууну талап кылышкан.

Ал жерге Назаровду колдогон акындар да келип, милициянын «чектен чыгуусу» тууралуу төгүп ырдашкан. Кийин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Ошондой эле журналисттер Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси менен Шайырбек Ташиевдин байланышы бар экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы басма сөз жыйында куруп, Болот Темиров жарыялаган иликтөөдөгү маалыматтарды «жалган жалаа» деп атап, мазут экспорттолуп жатканына «кубанышыбыз керек» деп билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик компаниясынын башчысы Байгазы Матисаков 25-январда өзүнүн «таза» экенин, «анын ишине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок» экенин айткан. Ошондой эле Матисаков компания иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасын сотко берүү маселесин карап жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты