«Зулушев адашып алды». Temirov Live’га байланыштуу ишти ИИМ тергеп жатат

Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйында. Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан 10-февралда «Клоопко» байланышка чыгышып, Temirov Live’га байланыштуу кылмыш ишти Ички иштер министрлиги тергеп жатканын айтышты.

Кече күнү башкы прокурор Курманкул Зулушев иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун ишин УКМК тергеп жатат деп билдирген. Көзөмөл органдын басма сөз кызматынан Зулушев «адашып алды» деп түшүндүрүштү.

«Биз буга чейин деле кылмыш иши ИИМ тарабынан тергелүүдө деп айтып келе жатканбыз, ал эми башкы прокурор “УКМК [тергеп жатат]” деп жаңылышып калыптыр», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы аталган ишти ИИМ тергеп жатканын айткан болчу. Ошол эле учурда атайын кызматтын башчысы Темиров менен Назаров «баңгизат колдонууга» байланыштуу кармалышканын ИИМден биринчи ачыктаган.

Дагы окуңуз: Зулушев Temirov Live’га байланыштуу ишти УКМК тергеп жатканын ачыктады. (Ташиев ИИМ иликтеп жатканын айткан)

Темиров менен Назаровдун кармалышы

22-январь күнү кечинде Temirov Live’дын кеңсесинде укук коргоо органдарынын беткапчан кызматкерлери бастырып келип, тинтүү жүргүзүшкөн.

Temirov Live’дын журналистинин айтымында, күч органдары аларга «бир кыз Болот деген киши боз үйдүн жанында наша чеккенге мажбурлады» деп даттанганын айтышкан. Андан соң алар Темировду полго жаткызып, чөнтөгүнөн белгисиз бир зат алып чыгышканын айткан.

Ал күнү милиционерлер Temirov Live’дин кеңсесиндеги техникалык жабдууларды, процессорлорду жана айрым документтерди алып чыгып кетишкен.

Кийин Темировдун колун кайрып, кишендеп наркология бөлүмүнө жеткиришкен. Анын организиминен баңгизат табылган эмес. Экспертиза бүткөндөн кийин иликтөөчү журналист милиционерлер анын чөнтөгүнө «полиэтилен баштыкчада жашыл зат салып коюшканын» билдирген.

Ошол эле күнү милиция төкмө акын Болот Назаровду кармап, жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Назаров менен Темиров кармалгандан кийин 23-январда Бишкек ШИИБдин имаратынын алдында митинг өтүп, активсттер менен журналисттер акын менен журналистти бошотууну талап кылышкан.

Ал жерге Назаровду колдогон акындар да келип, милициянын «чектен чыгуусу» тууралуу төгүп ырдашкан. Кийин журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаров эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.

Иликтөөдө Шайырбек Ташиев агасы экөөнүн жээни Байгазы Матисаков «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясынын туундуу «Кыргыз Петролеум Компании» ишканасын башкарарын ырастаган.

Ошондой эле журналисттер Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Регион ойл» заводунун жетекчиси менен Шайырбек Ташиевдин байланышы бар экенин дагы аныкташкан. Дал ушул компания «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасы өндүргөн мазутту сатуудан эки күндө 37 млн сом киреше тапкан.

Ал эми УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январдагы басма сөз жыйында куруп, Болот Темиров жарыялаган иликтөөдөгү маалыматтарды «жалган жалаа» деп атап, мазут экспорттолуп жатканына «кубанышыбыз керек» деп билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик компаниясынын башчысы Байгазы Матисаков 25-январда өзүнүн «таза» экенин, «анын ишине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок» экенин айткан. Ошондой эле Матисаков компания иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасын сотко берүү маселесин карап жатканын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?