Ташиевге тиешелүү «Регион» телеканалынын мурдагы кызматкери «5-каналга» жетекчи болду

Алтынбек Бектуров

«5-каналдын» директору Рахат Сулайманов 17-февралда өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Анын ордуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу «Регион» телеканалынын мурдагы кызматкери Алтынбек Бектуров дайындалды. Маалыматты «Клоопко» телеканалдын шеф-редактору Шайырбек Эркин тастыктады.

Сулайманов 2013-2020-жылдары чейин УКМКнын басма сөз катчысы болгон. Ал эми бийлик алмашкандан кийин ал «5-каналдын» директору болуп дайындалган.

«5-каналдын» жаңы жетекчиси Алтынбек Бектуров ар кайсы басылмаларда иштеген. Бектуров 2018-жылы «7-каналда», 2020-жылдан тарта «Регион» телеканалынынын филиалдарынын бирин жетектеген.

Буга чейин «Регион ТВнын» мурдагы кызматкери Акниет Кеңешов 2021-жылдын май айында Жалал-Абад мэриясынын басма сөз катчысы болуп дайындалган. Кийин кызматтан кеткенин айткан.

Ал эми «7-каналдын» башкы директору Алтынбек Жумаев өткөн жылдын аягында президенттин администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматына келген.

«7-канал» жана «Регион» телеканалы

«7-каналдын» юридикалык аталышы «Канал D» телерадиокомпаниясы, анын жетекчиси Алтынбек Жумаев. Ал эми компаниянын негиздөөчүлөрү болуп мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын «Апрель» коомдук фонду көрсөтүлгөн.

*Юстиция министрлигинде Казыбек Ташиевге катталган «7-канал» да бар, ал УКМК башчысынын бир тууганы. Бирок телеберүүгө чыккан «7-канал» — бул «Канал D».

Атамбаев бул каналды 2018-жылы Майрамкүл Мамбеталиевадан 7 млн сомго сатып алган. Ал эми 2019-жылдын август айында Атамбаев коррупцияга шектелип, телеканал Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган. Жумаевдин айтымында, «7-каналдын» обого чыгуу лицензиясы Атамбаевдин «Форумуна» тиешеси бар, бирок компаниянын мүлкү мурдагы президентке караштуу эмес.

Атамбаев камакка алынган соң «Канал D» компаниясынын мурдагы ээси Майрамкүл Мамбеталиева телеканалды сот аркылу кайтарууга аракеттенген. Мамбеталиева сатып-алуу келишимдеги анын колу жасалмаланганын билдирген. «Апрель» телеканалы бул аракетти «рейдерлик басып алуу» катары баалаган.

Ал эми октябрдагы төңкөрүштөн кийин телеканал абактан бошотулган Садыр Жапаровдун саясатын колдоп баштаган. Мындан сырткары кезексиз президенттик шайлоонун алдындагы үгүт маалында «7-канал» бир гана Жапаровдун үгүт материалдарын ободон кетирген. Жапаровдун штабы «Канал D» ЖЧКсына жалпысынан 1 млн 300 миң сом которгон.

«7-канал» бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов «Коррупцияга» күнөлүү деп табылып, айыпка жыгылганда аны «актоого» аракет жасаган. Журналисттердин телеберүүсүнө Матраимовго каршы сүйлөгөн бир дагы респондент чакырылган эмес.

Ал эми «Регион» Юстиция министрлигинин базасында «АРТВ телерадиокомпаниясы» деп катталган — алгач анын башкы директору болуп «Мекенчилдин» мурдагы талапкери Рамиз Каимов көрсөтүлгөн болчу. Бүгүнкү күндө «Регионду» Эрали Маматов жетектейт. «Региондун» башкы редактору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулуга берген маегинде телеканал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу болгонун тастыктаган.