«Атазовдун “дабдыраган” бригадасы». Шайлообек Атазов журналисттин үстүнөн БШКга даттанды

Шайлообек Атазов / Жолдошбек Сыргаков / Адыл Акжол уулу

Жогорку Кеңешке кайра шайлоого №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктуу өкүлү журналист Адыл Акжол уулунун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына даттанды. Арыз жазууга Акжол уулунун Фейсбук барагындагы «Атазовдун “дабдыраган” бригадасы: Шайлообек Атазовдун ишенимдүү адамы Ташиев менен Жапаровду сөгүп жатат» деген видеосу себеп болгон.

*Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Акжол уулу жүктөгөн видеодо өзүн активист деп атаган Жолдошбек Сыргаков президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди сөгүп жатканын көрүүгө болот. Тасмага Сыргаковдун Шайлообек Атазов менен чогуу түшкөн сүрөттөрү да кошулган — аталган сүрөттөр болжол менен 2021-жылдагы парламенттик шайлоо өнөктүгүндө тартылган. Анда Атазов №8Төлөйкөн округу боюнча талапкерлигин койгон.

«Интернетте “маймыл” болуп, президент Садыр Жапаровду сөгүп, Камчыбек Ташиевди маскара кылса боло береби? [...] Мындайларга чара көрбөсө, алар башкаларга үлгү болуп, өлкөдөгү ар бир 3-4-адам мамлекет башындагы адамдарды уят сөздөр менен сөгүп, ашкере шермендесин чыгарууну адат кылгыдай... Жөндүү сөксө да мейли дейсиң да», — деген Акжол уулу.

Ал эми видеого «талапкер Шайлообек Атазовдун ишенимдүү адам Ташиев менен Жапаровду сөгүп жатат» деп жазылган.

*Адыл Акжол уулу Оштогу белгилүү журналисттердин бири. Анын Youtube-каналында 642 миңдей катталуучу бар.

Бирок Атазовдун өкүлү Сыргаков талапкердин ишенимдүү адамы эместигин айтып, Акжол уулу талапкердин «кадыр-баркына шек келтирген» деп билдирди.

Атазов журналисттен маалыматты төгүндөөнү жана аны Укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги «Талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды жайылтуу» беренесине ылайык жоопкерчиликке тартууну талап кылууда. Учурда бул даттанууну БШКнын жумушчу тобу карап жатат.

Жолдошбек Сыргаков деген ким?

Жолдошбек Сыргаков

Сыргаков «Элдик көзөмөл» кыймылынын өкүлү — аталган кыймыл 2020-жылы бийлик алмашкандандан кийин активдүү иштеп баштаган. Өздөрүн активист деп атаган кишилерден турган кыймыл мамлекетте «элдик көзөмөлдү орнотууну» талап кылышкан. Ал эми Сыргаков Бишкектеги автоунаалар токтотуучу жайларды көзөмөлдөй турганын айткан.

«Элдик көзөмөлдүн» дагы бир мүчөсү Бакай Кашкарбаев 2021-жылдын октябрь айында кармалган. Милиция активистти «Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо», «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» жана «Майда бейбаштык» беренелери менен ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармаган.

Жолдошбек Сыргаков Бишкекте өткөн көптөгөн митингдерге катышып жүрөт. Мисалы, 23-январда Сыргаков иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо митингине келип, чагымчыл жасоого аракеттенген. Ал митингдин катышуучуларына «30 жылдан бери ушундай сөз эркиндиги болду беле» деп кыйкырган.

Көп өтпөй, 28-январда, ал Kaktus.Media басылмасынын кеңсесинин алдындагы митингге да катышкан. Анда чогулгандар басылма кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу макалага нааразы болуп чыгышкан.

*Kaktus.media 27-28-январда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда коңшу өлкөнүн ASIA-Plus басылмасына таянып, тажик жарандарынын жаңжал боюнча көз карашын жазып чыккан. Бирок ага чейин, андан кийин да Кыргызстандын бийлигинин позициясын да чагылдырган.

Анткен менен Сыргаков Kaktus.Media’нын макаласын окубаганын моюндап, адвокат Канат Хасанов «журналисттер окуяны эки тараптуу чагылдырууга милдеттүү экенин» түшүндүргөндөн кийин басылманы жабуу талабынан баш тарткан.

Сыргаков журналисттерге каршы митингдерге катышууну улантып, 9-февралда Kaktus.Media жана «Клооптун» кеңсесинин алдында өткөн акцияга да келген. Аталган митингге «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган Бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары жана Шайлообек Атазовдун талапкерлигин колдоп жаткан экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да катышкан.

Шайлообек Атазов деген ким?

Шайлообек Атазов

Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2010-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ошол эле учурда Атазов Ош шаарындагы «Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары» дирекциясын, «Ош-Тазалык» ишканасын жана «Жүргүнчү транспорту» агенттигин жетектеген.

Шайлообек Атазов 2021-жылдын 7-мартында «Ата Мекен» фракциясынын Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Ошондой эле ал 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоого №8 Төлөйкөн шайлоо округунан катышып, бирок Нурбек Алимбековго жеңилип калган.

Спортчу таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Атазов 2018-жылдан тарта Руслан Матраимов жетектеген EREM спорттук клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеп келет.

Ал эми 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Атазов Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен катышкан.

2021-жылдын 18-февралында УКМК бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимовду «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга» шектеп кармаган. Мындан улам Атазов алгач Бишкекте, кийинчерээк Ошто Матраимовду бошотуу талабы менен митинг уюштурган.

Матраимов буга чейин «Коррупция» боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында митинг өтүп жатат

Атазов жана Матраимовдун колдоочулары «Кактус Медиа» жана «Клооптун» алдында митинг өткөрүштү

Шайлоо-2022: БШКга Алканова, Сурабалдиева жана Карамушкинанын үстүнөн арыз түштү