Добуш сатып алган Камчыбек Жолдошбаевдин кудасына 50 миң сом айып салынды

Камчыбек Жолдошбаев

Экс-депутат Камчыбек Жолдошбаевдин добуш сатып алууга айыпталган кудасы Мухтарбек Сыдыков 50 миң сомдук айыпка жыгылды. Мындай өкүмдү 13-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту чыгарды.

Айыпталуучу 2021-жылдын 16-ноябрында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. Көп өтпөй атайын кызмат шектүү №26 Ленин шайлоо округунан талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы болгонун ачыктаган.

«Мухтарбек Сыдыков Ленин районунун төрт шайлоочусуна 8 миң сом таратып, андан соң кармалган. Тинтүүнүн алкагында жана Сыдыковдун унаасын кароо учурунда шайлоочуларга таратып берилиши мүмкүн болгон 39 миң сом табылган, муну шайлоочулардын жашаган жеринин даректери жазылган тизме күбөлөндүрүп турат», — деп билдиришкен УКМКдан.

Тергөөнүн жүрүшүндө акча алган төрт күбө ыктыярдуу түрдө 8 миң сомду күч органдарына өткөрүп беришкен. Ошондой эле күбөлөр Сыдыков акчаны алар Жолдошбаевге добуш берүүсү үчүн бергенин тастыкташкан.

Ал эми 2021-жылдын 18-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Жолдошбаевдин каттоосун жокко чыгарып, парламенттик шайлоодон четтеткен. БШКнын отурумунда Жолдошбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Урмат Орозкулов айыпталуучу талапкердин үгүтчүсү катары катталбаганын билдирип, ал мындай аракеттерди «өз демилгеси менен жасашы мүмкүн» деп божомолдогон.

Сыдыков 10-январдагы соттук отурумда күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барган. Ал эми сот муну эске алуу менен «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айып пул салды. Ошондой эле тергөө маалында добуш сатып алууга багытталган 47 миң сом мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо №26 Ленин округунан талапкер Жаныбек Абиров жеңишке жеткен.

«Уялчаак» депутат

Жолдошбаев алгачкы жолу Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында депутат болгон. 2015-жылы шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып кайрадан депутат болуп шайланган.

Депутат Жолдошбаев жумушка маршруткадан түшүп, жөө басып келген кесиптештеринен уяла турганын айтып сынга кабылган.

Мындан сырткары Жолдошбаев чуулуу иштери менен белгилүү: 2011-жылы ага бир нече соодагердин арызынын негизинде «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2014-жылы болсо журналист Семетей Талас уулу депутат ага кол салганын билдирген. Ал эми 2016-жылы Жолдошбаев өзүнүн фракциясынын жыйынында көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну сунуштаган.

Камчыбек Жолдошбаев бай депутаттардын катарын толуктайт. Депутаттын кымбат баалуу мүлктөрү, компаниялары жана батирлери бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Жол тандабастар, батирлер жана бизнес». Уялчаак депутат эмнелерге ээлик кылат?

Видео: Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин декларацияга киргизилбеген үйү табылды