Бишкекте мажбурлап никеге туруу үчүн 22 жаштагы кызды уурдаган киши кармалды

Биринчи май РИИБнин кызматкерлери мажбурлап никеге туруу үчүн кыз уурдоого шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтан 17-апрелде саат 17:10 чамасында кезмет бөлүмүнө Коммунаров көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинин жанында кыз уурдалганы тууралуу билдирүү түшкөнүн айтып беришти.

«Жерине тергөө-ыкчам тобу жөнөп кеткен. 22 жаштагы кызды чала тааныш жигит уурдап, унаасын айдаган бойдон белгисиз тарапты көздөй кеткенин аныкташкан», — деп билдиришти РИИБден.

Райондук ИИБден 26 жаштагы бала кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилгенин маалымдашты. «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Аялды мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо

Кыргызстанда аялдарды жана кыздарды мажбурлап никеге тургузуу максатына уурдоого байланышкан окуялар дээрлик күн сайын катталат. Алардын көбү укук коргоо органдарына кайрылышпайт, кысым менен уурдагандардын үйүндө калышат. БУУнун гендердик маселелер боюнча отчётуна ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө кызды уурдоо аркылуу курулган.

Колдонуудагы Жазык кодексине ылайык, никеге туруу максатында адам уурдоо үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете элек баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине тургузуу үчүн уурдоо 7 жылдан 10 жылга чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазаланат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин айтымында, 2021-жылы аялдарды уурдап, мажбулдап никеге тургузуу боюнча 560 факт катталган.

Кыргызстанда кыз ала качуу зордуктоо менен коштолсо, Айзада Канатбекова менен Бурулай Турдалы кызынын окуясы өлүм менен аяктаган.

Бурулай Турдалы кызы

19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын 2018-жылы 27-майда Марс Бөдөшов достору менен уурдап кеткен. Алар кармалып, Жайыл РИИБне алып келинген. Ал жерден кыз бычак жеп, кийин кайтыш болгон. Милиционерлер кызды ала качканардын бирөөсү, Марсбек Бөдөшов өлтүргөн деп айтышкан. Алардын айтымында, Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, андан өзүнө да кол салган.

Бишкектин райондук соту. Сол жакта — Бурулайды уурдоо жана өлтүрүүгө шектелген Марсбек Бөдөшов. Сүрөт: Бекжан Асылбеков / Kloop.kg

Бөдөшов буга чейин да Бурулайды ала качууга аракет кылган, ал эми анын туугандары кыздын үй-бүлөсүн милицияга арыз жазбоого көндүрүшкөн.

Бөдөшов 20 жылга эркинен ажыратылган, бирок күнөөнү мойнуна алган эмес. Ал эми кызды уурдоого катышкандардын бирөөсү күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алган. Кызды өлтүрүүгө жол берген милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартууга аракет кылышкан — экөө акталып, дагы үчөөнө айып салынган.

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Айзада Канатабекова мажбурлап никеге тургузуу үчүн 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган.

Айзада Канатбекова

Окуя шаардагы видео байкоочу камерага түшүп калган. Эки күндөн кийин 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылган. Анын ичинде кыздын жана уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү болгон.

Милиция Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз жанын да кыйган деп билдирген. Кийин, Теңизбаев Канатбекованы өлтүрөр алдында зордуктаганы аныкталаган.

Кылмыштын шериктери 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган, ал эми кызды издөөдө жетиштүү аракет көрбөгөн милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча иш убактылуу токтотулган.

Тема боюнча:

Айзаданы уурдоо. Милиция окуянын чоо-жайын айтып берди

«АПА» ДЕП КЫЙКЫРДЫ!

«Келесоосуңар!» Илим Карыпбеков үй-бүлөлүк зомбулукка аялдарды күнөөлөдү. Бул эмне үчүн туура эмес?

Ырчы Анжелика зомбулук үчүн күнөөнү аялдарга оодарды. Бул эмне үчүн туура эмес? (спойлер: баары)