«Мени сындыра албайсыңар». Болот Темиров бийликке кайрылуу жолдоду

Иликтөөчү журналист Болот Темиров видео аркылуу бийликке кайрылып, жаман атуу кылуу жана куугунтукка карабастан аны эчи ким «сындыра албасын» билдирди.

«Мени буга чейин да сабап, аңдып, тыңшап, коркутуп, куугунтуктап, жаман атуу кылышкан, мунун баары бүгүн да уланып жатат. Жада калса менин жеке жашоомо, биздин команданын жеке турмушуна мурдуларын тыгышкан. Фейк, троллорду аркылуу жийиркеничтүү нерселерди таратып, шылдыңдап, дискредитация кылып келе жатышат», — деп белгиледи ал.

Учурда Темировдун үстүнөн төрт кылмыш иши козголду. Ага паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алган, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана баңгизатка аралашкан деген айып тагылууда. Кылмыш иштеринин баары журналист УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө жарыялагандан кийин козголгон.

Темиров кайрылууда минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго да жооп берди. Буга чейин Байсалов Твиттердеги барагына «документи жасалма, Бакиевдин 5-каналанын журналисти эмес, арты таза адамдар иликтөө жүргүзүшү керек» деп жазган.

«Бир жолу мени Ак үйгө чакырышты. Чакырышты дегенде эми, сурашты — “Костюмуң барбы? Жокпу? Сатып ала кой” дешти. Сатып алдым. Президенттин катчылыгынын маалыматтык кызматынын эксперттик кызматына дайындап коюшту. Документтеримди тапшырдым, тийиштүү органдар тыкыр текшеришти. Бирок мен бир нерсени айткым келет. 2008-жылы, жаш адис катары келгенимде, ал жерде Садыр Жапаров дагы — коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссары, Камчыбек Ташиев дагы — ӨКМдин башчысы катары, чоң кызматтарда отурушкан. Ал эми Акылбек Жапаров болсо Бакиевге “Улуу урматтуу” деп такалбай айтып, кайрылып жүргөн», — деп билдирди журналист.

Кайрылуунун аягында Темиров өзүн жана командасынын мүчөлөрүн «эл жакшыларынын» ою жана алардын троллдор фабрикасынын айыптары кызыктырбай турганын кошумчалады.

«Менин ар-намысым силердин бийликке сатылбайт», — деп баса белгиледи журналист.

Темировго каршы кылмыш иштери жана «журт жакшыларынын» сөздөрү

Иликтөөчү-журналист Болот Темиров 20-апрелде анын үстүнөн бир нече жаңы кылмыш иштери козголгонун билдирген. Милициядан Темиров аскердик билеттин жардамы менен Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алышы мүмкүн деп билдиришкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маалыматына ылайык, Темиров кыргыз паспортун алып жатканда Орусиянын жараны болчу. Ошондой эле, Темиров 50дөн ашык жолу мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө айыпталып жатат.

Темиров «Документтерди жасалмалоого» жана «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө» айыпталып жатат.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка чыгарганы үчүн куугунтук катары баалаган. Адвокаттар журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Бул масала боюнча президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев да билдирүү жасаган. Экөө тең Темировду аскердик билетти уурдап алып, ага өзүнүн сүрөтүн чаптап, фамилиясын алмаштырып, ушунун жардамы менен кыргыз пастортун алган деп айтышкан.

«Болот Темиров журналист болгон үчүн резонанс жаралып жатат. Эмне бизде “журналист болсоң эле кылмыш кыла бер, жоопко тартылбайсың” деген мыйзам барбы? Башкалардан эмнеси артык? [Темиров] баары менен бирдей жооп берет. Мыйзам президенттен баштап жөнөкөй жарандар үчүн баарына бирдей», — деген Жапаров.

Ташиев да «эгер журналисттер мыйзам бузса, аларга жеңилдиктер берилбейт» деп билдирген.

«Жазасыз калтырууга болбойт. Ар бир адам мыйзам алдында бирдей жооп бериши керек!» — деп айткан УКМКнын башчысы.

Болот Темировдун командасы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү тууралуу бир нече жолу иликтөө жарыялоого үлгүргөн. Иликтөөлөр негизинен Кыргызстандын түштүгүндөгү Ташиевге тиешеси бар мунай бизнеси тууралуу болчу.

Акыркы иликтөөсүндө Temirov LIVE редакциясынын журналисттери Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы ушул жылдын жаз мезгилинде Жалал-Абадда бензин жеткирип берүү боюнча тендерлерди утуп баштаганын аныкташкан.

Тема боюнча: Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты