Касымбеков: Министрликте Бейшеналиев кабыл алган чечимдерге ички аудит жүргүзүлөт

Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков АКИпресс басылмасына Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алган чечимдерге ички аудит жүргүзүлөрүн айтты.

Ал Бейшеналиев кабыл алган чечимдер боюнча документтер менен таанышып чыкканын, алардын «рационалдууларын» гана ишке ашырууну улантарын белгиледи.

«Мисалы, “Алтын Балалык” реабилитациялык борбору — мыкты долбоор, эбегейсиз эмгек, биз ал ишти токтотпошубуз керек. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары реабилитациядан өтүшү керек», — деп белгиледи Касымбеков.

Касымбеков чечимдерди өз алдынча кабыл албасын, адистерди чакырып, алардын дагы оюн «эске аларын» кошумчалады.

4-июнда президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Жапаровдун басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык, президент мындай чечимди Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши «ар тараптуу, адилеттүү» каралышын камсыздоо үчүн кабыл алган.

Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир иш «Коррупция» беренеси менен, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө — «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Зыян келтирген пайдасыз контрактты билип туруп түзүү» беренелери менен козголгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевди бир айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Бейшеналиевдин реформалары

Алымкадыр Бейшеналиев бир катар реформаларды жүргүзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон.

Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштаган. Андан бери бир нече жолу жетекчиси алмашып, Памир Муратов 14-февралда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Министр Республикалык психикалык саламаттык борбору менен Республикалык наркология борборун бириктирүү чечимин кабыл алган. Бейшеналиев алкоголдук ичимдиктерден көз каранды жана психикалык ооруулары бар бейтаптардын саны азайганын билдирген. Мындан тышкары, Бейшеналиев 19 туберкулезду дарылоочу оорукананы жаап, дагы 30 ооруканадагы кызматкерлердин санын азайтканын билдирген.

Бейтаптардын каршы чыкканына карабастан Бейшеналиев Улуттук онкологиялык борбордогу маммология борборун жоюп, борбордун ордуна бөлүм ачууга буйрук берген.

Ошондой эле Бейшеналиев «Алтын Балалык» ден соолукту калыбына келтирүү жана реабилитациялоо борборун пайдаланууга берген. Бейшеналиевдин ү-бүлөсү реконструкция ишине 2 млрд сом бөлгөн.

Мындан тышкары, ал сертификат жана лицензиялары жок болгондуктан 300гө чукул жеке менчик клиника жабылып жатканын айткан.

Тема боюнча: Бейшеналиев травматология бөлүмүн жана хирург Эрнст Акрамов жетектеген институтту жаптырды

«Клиникаңды талкалап кетем». Министр Бейшеналиев Исманкуловду коркутту

Бейшеналиев 17 медициналык окуу жай жабыларын айтты. Бирок ССМдин андай укугу жок

Министр Бейшеналиев Сабырбек Жумабековду кызматынан бошотту