Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече жылдан бери камакта. Атамбаевге бир нече кылмыш иши козголгон, алардын көпчүлүгү бийликти өз колу менен өткөрүп берген үзөңгүлөшү Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда ачылган.
Атамбаевге акыркы жолу 2016-жылы «10 түрк жаранына Кыргызстандын паспортторун мыйзамсыз бергени» үчүн иш козголгон. Бул ишке шектелип жатканы тууралуу билдирмени ага 2021-жылы сентябрда тапшырышкан. Ошондон кийиин мурдагы президенттин жактоочулары какшык аралаштыра, ага карата козголгон кылмыш иштеринин эсебинен өздөрү да адашып калганын айтышкан.
«Мен жактоочу катары эсебин деле жоготуп алдым. Атамбаевди айыптоо маани-маңызын жоготту. Бул жерде тергөө зарылчылыгы эмес, саясат болуп жатат», — деген анда адвокат Замир Жоошев
Кыскача
«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаевге карата жалпы жети кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен үч иш боюнча акталды.
Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Учурда Атамбаевге карата үч иш сотто каралып жатат: 2019-жылы болгон Кой-Таш окуясы, борбордук ЖЭБди модернизациялоо жана Кой-Таш айылындагы жер тилкесине байланыштуу иштер.
Атамбаев өзүнө козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук деп баалап, аларды «ойдон чыгарылган» деп атаган.
Алмазбек Атамбаев 2019-жылдан бери камакта. Учурда ал №27 түзөтүү абагында. Анын тарапташтары Атамбаевдин ден соолугунда олуттуу көйгөйлөрү бар экенин айтып келишет. Бийлик болсомурдагы президентке «абак ичинде бериле турган шарттын баары түзүлгөнүн» айтат.
Кененирээк
«Коркунучу жок» кылмыш иштери
2022-жылдын жайында Атамбаев үч кылмыш иши боюнча акталган. Судья Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү жана «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу иштерде кылмыштын курамы жок деп тапкан.
Түрк жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши Атамбаевге 2021-жылы козголгон. Анда мурдагы президент 2016-жылдагы иш боюнча шектелип жатканы айтылган.
Ал эми «Калыс-Ордо» конушундагы мектептин курулушу боюнча иште Атамбаев 2021-жылдын январынан тартып фигурант боло баштаган. Бул иште Атамбаев кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп шектелген.
Ошол эле жылы сентбярда Атамбаев дагы эки иш боюнча шектелип жатканы тууралуу билдирме алган. Биринчиси 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү болгон окуяларга тиешелүү, анда Атамбаев тарапташтарынын жардамы менен колониядан мыйзамсыз бошонуп чыгууга шектелүүдө. Экинчисинде Атамбаев 2020-жылы 9-октябрда бийликти күч менен басып алууга аракет жана массалык баш аламандыктарды уюштуруу боюнча шектелип жатканы айтылат.
Алмазбек Атамбаевге козголгон бул кылмыш иштерин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «коркунучу жок» деп атаган.
«9-октябрга, мектепке, паспортторду берүүгө байланыштуу иштер — өлкө үчүн коркунучу жок, анчалык маанилүү эмес кылмыштардын катарына кирет. Биз алар боюнча жакын арада чечим кабыл алабыз. Кооптуу делген башка кылмыштар бар…», — деген ал 15-июнда «Новые лица» басылмасына берген маегинде.
«Кооптуу» кылмыш иштери
Атамбаевге козголгон жети кылмыш иштин ичинен бир гана кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз боюшотуу боюнча өкүм чыккан. Кримтөбөл 2013-жылы лейкоз оорусу менен ооруйт деген медициналык маалымкаттын негизинде бошотулган. Кийин маалымкат жасалма экени аныкталган.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин экс-президент макамын алууга негизги себеп болгон. ИИМ Атамбаевди үч ирет суракка чакырып, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуудан үч жолу тең баш тарткан. Ушундан кийин 2019-жылдын августунда Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясы штурмга алынып, ал эки күнгө созулган. Жыйынтыгында мурдагы президент кармалган.
2020-жылы 23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууну өкүм кылган. Кийинчерээк бул чечимди Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган. Ошол эле, жылы октябрь окуяларынан кийин, бийлик алмашып, мурдагы президенттин жактоочулары Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кайрадан кароо өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылышкан.
2022-жылдын 15-мартында Жогорку сот Атамбаевди күнөлүү деп тапкан чечимди күчүндө калтырып, бул ишке чекит койгон.
Кой-Таш окуясы
Атамбаевди Кой-Таш айылындагы резиденциясынан кармап келүү операциясынын жүрүшүндө анын тарапташтары милиция жана спецназ менен кагылышкан. Натыйжада спецназдын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза тапкан. 170тен ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.
Бул кагылышуудан кийин Атамбаевге дароо бир нече берене боюнча айып тагылган:
- «Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зомбулук колдонуу»;
- «Массалык тартипсиздиктерди уюштуруу»;
- «Адам өлтүрүүнү уюштуруу»;
- «Адам өлтүрүүгө кол салууну уюштуруу»;
- «Адамдарды барымтага алууну уюштуруу»;
- «Куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүү».
«Азаттык» басылмасы Атамбаевдин 19 тарапташына да түрдүү айыптар тагылганын, алардын 14ү сотко өткөнүн жазат.
Сот бул иштерди карап бүтө элек.
ЖЭБди жаңылоо иши
Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш иши 2018-жылы 26-январда борбордук ЖЭБде авария болгондон кийин козголгон. Кырсыктан улам шаардыктар чилдедеги суукта бир нече күн жылуулуксуз калышкан. Аварияга чейин кытайлык кредиттин эсебинен ЖЭБ жаңыланып, ага 386 миллион доллар сарпталган болчу.
Аскер прокуратурасы 2019-жылы 14-августта Атамбаевге карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча айып таккан. Бул иш боюнча бир катар жогорку кызматтардагы аткаминерлер түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылышкан. Алардын катарында ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков да бар. Ал 15 жылга соттолгон. Исаков өзү авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө эмес, эски корпустарында болгон деп айткан.
2020-жылдын октябрь окуясынын натыйжасында Исаков бошоп, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми 2020-жылдын 26-октябрында Жаза аткаруу кызматы Исаковго эл аралык издөөгө жарыялаган. Учурда Исаковдун жүргөн жери белгисиз.
Бул иш сотто каралып бүтө элек.
Кой-Таштагы жер тилкеси
2019-жылдын 16-августунда Башкы прокуратура Атамбаев «Кылмышка кошо катышуу» жана «Корупция» (КР КЖКсынын 2017-жылдагы редакциясы) беренелери боюнча шектелип жатканын билдирген.
Көзөмөл органынан Атамбаев «мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында» мыйзамсыз алган 2,7 гектар жерин кеңейтип алганын, ал жер «Дастан» заводуна таандык болгонун жана Кой-Таш айылында жайгашканын айтышкан. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, аталган жер стратегиялык объекттерге кирет.
Бул иш сотто каралып бүтө элек.