Кыргызстандык балбандар Польшада өтүп жаткан турнирде төрт медаль багындырышты

Кыргызстандын балбандары Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык Poland Open — 2022 аталышындагы турниринде бир алтын, үч күмүш медаль багындырды.

Маалыматка ылайык, балбан Тынар Шаршенбеков 63 килограмм салмакта биринчи оорунду ээледи. Ал финалдык беттеште ирандык спортчу Сам Далири Хоссейнди 3:1 эсебинде жеңди.

Ошондой эле, Мээрим Жуманазарова 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, үч беттеш өткөрдү. Анын экөөсүн жеңип, финалда кытайлык спортчуга 4:8 эсебинде жеңилип калды.

Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күрөшкөн. Ал финалдык беттеште эстониялык спортчуга утулуп калды.

Ал эми Жоламан Шаршенбеков 60 килограмм салмакта күч сынашты. Шаршенбеков финалда жапониялык спортчу менен беттешиши керек болчу, бирок жаракат алып, мелдешке чыга алган жок.

Тынар Шаршенбеков

25 жаштагы Тынар Шаршенбеков дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы. Ал 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпионатында коло медалды уткан.

2019-жылы чоңдор арасында Дүйнө чемпионатында бешинчи орунду ээлеген. Ал эми 2022-жылдын февралында Тынар Шаршенбеков Болгарияда өткөн Dan Kolov — Nikola Petrov атындагы эл аралык мелдеште коло байгени уткан.

Ошондой эле, Тынар Шаршенбеков үстүбүздөгү жылдын апрель айында Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн Азия чемпионунда алтын медалды багындырган.

Жоламан Шаршенбеков

Жоламан Шаршенбеков 23 жашта. Грек-рим күрөшү боюнча 2018 жана 2021-жылдагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алган.

Ал 2020-жылы Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болгон. 2019-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынган. 2016-жылы уландар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 3-орунду, 2017-жылы жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында 2-орунду ээлеген. Ал эми Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөрүлгөн күрөш боюнча Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын медаль уткан.

Айпери Медет кызы

Спортчу 22 жашта, 2017-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону болгон. Ал 2015-жылы эркин күрөш боюнча жаш кыздар арасында Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынып, бир жылдан соң ушул эле чемпионатта алтын байгени багындырган.

Ал эми 2016-жылы ал Дүйнө чемпионатынын күмүш медалына ээ болгон. Кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионатында болсо эки жолу күмүш медаль тагынып, 2019-жылдагы Дүйнө чемпионатында 23 жашка чейинки кыздар арасында коло медалга ээ болгон.

2020-жылдагы Дүйнөлүк кубокто 3-орунду багындырып, Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген. Үстүбүздөгү жылдын октябрында өткөн эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында спортчу коло медалды багындырган. Ал 2021-жылдын ноябрь айында Сербиянын Белград шаарында кыздар арасында өткөрүлгөн Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болгон.

Үстүбүстөгү жылдын апрель айында Монголиянын Улан-Батор шаарында эркин күрөш боюнча терниринде алтын медалды багындырдып, Азия чемпиону аталган.

Мээрим Жуманазарова

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Ал кыз-келиндер арасындагы күрөштө 76 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль уткан. Ал эми 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган.

2021-жылдын август айында Жапониянын Токио шаарында өткөн жайкы олимпиада оюнунда коло медаль уткан. Ошол эле жылдын октябрь айында Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча турниринде алтын байгени багындырып, экинчи жолу Дүйнө чемпиону болгон.