Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда Достук айылынын 15 жаштагы тургуну каза болду

Иллюстрация: Татьяна Зеленская

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги ок атышуунун кесепетинен 15 жаштагы Элзада Маннанова каза болду. Бул маалыматты «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова тастыктады.

Мааламытка ылайык, каза болгон өспүрүм Баткен районуна караштуу Достук айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу.

Атышуу болуп жатканда ал туугандары менен үйүн таштап, Маргун айылын көздөй жөнөгөн. Жолдо баратканда снаряд жарылып, кызга сыныктары тийген.

Саламаттык сактоо министрлигинин 15:00дөгү маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 42 адам жарадар болду. Аладын 19у Баткен облустук бириктирилген ооруканасына, 18и Лейлектеги райондук ооруканага түшкөн. Ал эми беш адам Бишкек шаарына жеткирилди.

Чек арадагы атышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда Баткен облусунун үч аймагында Кыргызстан тарапка ок атылган.

15-сентябрь күнү УКМКнын Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салган. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгон. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын айткан.

16-сентябрь саат 15:00гө карата атышуунун кесепетинен 42 кыргызстандык жарадар болгону белгилүү болгон. Ал эми Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетип жатышат.

Ал арада активисттер Бишкектеги ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарында Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары куралдуу кагылышууга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тема боюнча:

УКМК: Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат

Кыргызстандын ТИМи чек арадагы ок атышуудан улам Тажикстанга нота жөнөттү