Абактан кат: Али Шабдан «толук парламенттик башкарууга өтө турчу убакыт келди» деп эсептейт

30-октябрда активист Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан) коомчулукка абактан кат аркылуу кайрылуу жасады. Ал «президенттик институтту жоюп, толук парламенттик башкарууга өтө турган убакыт келди» деген пикирин билдирди.

«Камалган саясатчы көп болуп кетти. Мунун баары салтка ылайык президент болсо болбой калат го?», — деп жазды ал.

Сүрөт Али Шабдандын фейсбук барагынан алынды.

Буга чейин кармалган укук коргоочу Клара Сооронкулова дагы абактан кат аркылуу 11 жаштагы баласын туулган күнү менен куттуктаган. Андан соң активист Перизат Суранова да коомчулукка кат аркылуу кайрылуу жасады. Ал бийлик активисттерге «мыйзамсыз иш козгогонун» айтты.

Активист жана саясатчылардын кармалышы

ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, андан соң кармап кеткен. Аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

Бириккен демократиялык кыймылы 29-ноябрга карата кармалгандардын саны 28 адамга жеткенин маалымдады. Биринчи май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынгандар:

Бириккен демократиялык кыймылдын маалыматына ылайык, активист Талан Эшалиев үй камагында болсо, Тилекмат Күрөңов издөөгө алынды.

Аны менен катар, тергөөдөгү кылмыштын материалында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун жана депутат Исхак Масалиевдин аты аталганы айтылууда.

Тема боюнча:

«Бекем кучактадым!» Клара Сооронкулова СИЗО-1ден уулун туулган күнү менен куттуктады