«Ур-токмокко алышкан». Баткенде 18 жаштагы чек арачы жоокер каза болду

Каза болгон аскердин жакындары. Сүрөт: «Турмуш»

9-ноябрда Айдаркен шаарынын аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан 18 жаштагы Айжигит Таалайбек уулу каза тапты. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты. Маркумдун туугандары анын сабалганын айтышты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, маркум «Күз-2022» чакырылышынын мөөнөттүү аскерий кызматтан өтүп жаткан.

«[9-ноябрда] эртең менен саат 05:45те аскер бөлүктүн медициналык пунктуна дене табы көтөрүлүп, тамагынын ооруганын айтып кайрылган. Ал ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык пунктуна жаткырылган», — деп билдиришти УКМКдан.

Ведомствонун алдын ала маалыматына ылайык, саат 15:00 чамасында жоокердин ашказанынан кан кетип, ден соолугу кескин начарлаган. Тез жардам бригадасы келген маалда аскер кызматкери каза болгону аныкталганы айтылды.

Учурда аталган факт боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуянын себеп жана жагдайларын тактоо боюнча иликтөө иштери башталганын белгилешти.

Каза болгон жоокердин жакындары эмне дейт?

Жоокердин жакыны Миргүл Раимжанова «Турмуш» басылмасына иниси Айдаркен шаарында кызмат өтөп жатканына эми бир ай өткөнүн, буга чейин «ден соолугу чың» болгонун айтып берди.

«Оозун скотч менен жаап салышыптыр. Скотчту алганда эле кан куюлуп кетиптир. Денесинин соо жери жок. Ур-токмокко алышкан. Айдаркендеги аскер бөлүктөн “балаңарга 1 укол сайылды” дешиптир. Кандай укол экенин билбейм. Бир ай мурун сопсоо кеткен бала өлүп калышы мүмкүн эмес болчу», — деди Раимжанова.

Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн айылына жеткирилип, бүгүн, 10-ноябрда жерге берилери айтылды.

Каза болгон аскерлер жана министрге сөгүш

Быйыл август айында Бишкектеги Аскердик институтта 19 жаштагы аскер кызматчысы Сыргак Сабырбеков каза болгон. Ал кароол кызматында туруп «өзүн атып алганы» айтылган.

Ошол эле айда Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн аскер каза болгон. Окуя болгон күнү эртең менен текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер «жыгылып түшүп», ошол бойдон турбай калганы айтылган.

Ал эми мурдараак, июль айында Кой-Таш айылындагы аскер бөлүгүнүн бир жоокери октон каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер курал колдонуудагы байкабастыктын натыйжасында кокустуктан ок чыгарып алганын айткан.

Ошол эле айда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде мөөнөттүк негизде кызмат өтөп жаткан жоокер Бекзат Эсенбеков катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Жоокердин апасы уулу аскер бөлүгүндө акчанын айынан сабалганын билдирген. Кийинчерээк тараптар элдешип, кылмыш иши токтотулган.

19-августта Президент Садыр Жапаров Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго «жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн» катуу сөгүш берген.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ акыркы 5 жыл ичинде катталган жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуп, талдоо жүргүзөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент Коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди

Аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү