«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси болуп Бакыт Асанов дайындалды

Бакыт Асанов

9-декабрда «Азаттык» басылмасынын Бишкектеги кеңсесинин, «Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси болуп Бакыт Асанов дайындалды. Бул тууралуу басылмадан билдиришти.

Буга чейин бул кызматты Айзада Касмалиева 2017-жылдын 1-майынан тарта аркалаган. Билдирүүгө ылайык, ал «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсесине бир жылдык мөөнөткө адистик тажрыйба алмашууга барат.

Бакыт Асанов «Азаттык» басылмасында кабарчы болуп 2011-жылы октябрдан бери эмгектенип келет. Ошондой эле бир жыл эл аралык медиа корпорациянын Прагадагы кеңсесинде адистигин жогорулаткан. «Эксперттер талдайт» аналитикалык талкуу программасынын 2017-жылдан бери алып барат.

Ал 2015-жылы мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин пресс-катчысы болуп эмгектенген.

«Азаттыктын» бөгөттөлүшү

Кыргыз бийлиги 26-октябрда «Азаттыктын» сайтын эки айга бөгөттөгөн. Бийлик медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу чыккан материалды «улуттук кызыкчылыктарга каршы келет» деп айыптап, бөгөттөөгө ушул негиз болгонун билдирген.

«Азаттыктын» өзүнөн Маданият министрлиги айтып жаткан материалды талдап чыгышканын жана анда стандарттардын бузулганы аныкталбаганын билдиришкен.

Ал эми 31-октябрда «Азаттык Медианын» DemirBank’тагы эсеби бөгөттөлгөн. Финчалгын кызматынан бөгөттөөнүн себебин УКМКнын расмий катына ылайык «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгени менен түшүндүрүшкөн.

Кыргызстандагы ЖМК өкүлдөрү басылманын бөгөттөлүшүнө кескин түрдө нааразычылыгын билдирип, акыркы убакта сөз эркиндигине жана массалык маалымат каражаттарына басым күчөгөнүн белгилешкен. Алар ЖМКларга каршы ар кандай митингдер жана каралаган кампаниялар уюштурулуп жатканын айтышып, ал эми буга тиешелүү органдар көңүл бурбай жатканын сынга алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Маданият министрлиги «Азаттыктын» административдик арызын канааттандырган жок

УТРК жана НТС каналы «Азаттыктын» берүүлөрүн эфирге чыгарууну токтотту

Жогорку Кеңеш «Азаттыктын» журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту