Депутат Айдарбеков: Маданият министрлиги цензуранын куралына айланбашы керек

ЖМКнын көз карандысыздыгы жана анын көп болушу ачык коомду сактап калуунун кепили болуп эсептелинет. Бул тууралуу 7-февралда парламент депутаты Чыңгыз Айдарбеков «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам талкууга алынган тегерек столдо билдирди.


«Биздин коом алдыга жетишерлик жылган, өнүккөн, билимдүү коом. Ал маалыматтын кеңири палитрасына муктаж. Маалымат мейкиндигинин кыскартылышы бул тармактын монополияга айланышына, коомдун өнүгүүсүн артка тартууга жана терс кесепеттерге алып келет. Бир дагы мамлекеттик орган өзүнө сот системасынын укуктарын албашы керек. Элдин маданиятын, бай мурасын коргоо үчүн түзүлгөн, элдик мекеме болуп эсептелген маданият министрлиги куугунтуктун жана цензуранын куралына айланбашы керек. Эч ким жоопкерчиликти жокко чыгарбайт, бирок ал цивилизациялык формада көзөмөлгө алынышы керек. Маанилүүсү ал репрессиялык механизмдер менен эмес, ЖМКнын адискөйлүгүн жогорулатуу жана өзүн-өзү жөнгө салуу системасын өнүктүрүү жолу аркылуу болушу керек», — деп белгиледи депутат.


Фейктер тууралуу мыйзам

2021-жылдан бери «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» чуулгандуу мыйзам иштеп жатат. Документке ылайык, бийлик соттун чечими жок эле каалаган сайтын, фейк маалымат жарыяланган деп бөгөттөп коё алат.

Ушул эле мыйзам боюнча «Манас» аэропортундагы коррупция жөнүндө иликтөөсү үчүн Res Publica гезити дагы бөгөттөлгөн. Август айынын аягында убактылуу жабууга 24.kg маалымат агенттиги да туш болгон.

2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» үналгысынын сайты эки айга бөгөттөлгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.

Бөгөттөлүү коркунучуна жакында эле «Клооптун» сайты дагы кабылды. Анда Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) Маданият министрлигине «Клооптун» макалаларынын бирине даттанып кайрылган. АРИСтин пикиринде, макалада анык эмес маалымат болгон. Министрлик аталган арыздын негизинде макаланы өчүрүүнү, болбосо редакциянын сайты бөгөттөлөт деп эскерткен. Бирок көп өтпөй АРИС арызын кайтарып алган.

Бул окуялардан кийин «Медиа Полиси Институтунун» юристтери фейктер жөнүндөгү мыйзам «бийликтин аракеттерине мониторинг жасап, карапайым калкка өкмөт кантип иштеп жатканын түшүнүүгө жардам бере турган маалыматтарды ачыктап жаткан ЖМКга каршы административдик ресурс» деген билдирүү жасашкан.