Сот Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты

Биринчи май райондук соту саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеванын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Маалыматты «Клоопко» 25-июлда райондук соттун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Райондук соттун 21-июлдагы чечимине ылайык, Алимбаева 25-сентябрга чейин УКМКнын ТИЗОсунда болот.

Алимбаева үстүбүздөгү жылдын 25-май күнү УКМК тарабынан кармалып, сегиз саат сурак бергенден кийин камакка алынган. 

Ага «коррупция» беренеси менен айып тагылганы айтылган. Кийин жактоочу Разак Ашимбаев Алимбаевага «муниципалдык жер участогун сатууга тиешеси бар» деген айып тагылып жатканын айткан. Анткен менен, атайын кызмат азыркыга чейин Алимбаеванын иши боюнча расмий маалымат бере элек.

Адвокат Гуляна Убалиева 2-июнга караган түнү Алимбаева тергөө абагында эс-учун жоготуп, саламаттыгы начарлаганын билдирген. Ошондой эле, жактоочу Алимбаева менен Жээнбековдун жашы жете элек кызы таежесинин колунда калганын, ата-энесинин камакка алынышынан улам абалы оор экенин айткан.  

Равшан Жээнбеков президентке кайрылып, үй-бүлөсүн куугунтуктоону токтотууну талап кылган. Кийинчерээк Жээнбековдун кайненеси да өлкө башчысына кайрылып, кызы менен күйө баласын бошотууну өтүнгөн.

Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, ушул учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ага «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси менен айып тагылган. Ошондой эле «Кой-Таш окуяларына» байланыштуу дагы иш козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Шаардык сот Салкынай Алимбаеваны эки айга камакта калтырды  

Равшан Жээнбековдун аялы Салкынай Алимбаева УКМКнын тергөө абагына камакка алынды