Эмил Токтошев: Мадумаровдун иши мыйзам чегинде тергелиши керек

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев «Мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып жаткан кесиптеши Адахан Мадумаровдун иши мыйзам чегинде тергелиши керек деп билдирди. Мындай пикирин ал 3-сентябрда фейсбук барагына жазды.

Эл өкүлү ИИМ Мадумаровду «коркунучтуу кылмышкердей кылып кармап кетпей эле, телефон аркылуу чакырса, эч жакка качмак эмес» деп белгиледи.

«Коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттик бийликтин бекемделишине сын-пикир чон жардам берип келген. Талаш-тартышсыз чындык да болбойт. Дүйнөдө, геосаясатта жер талашуу, басып алуу, үстөмдүк кылуу, экономикалык жактан алсыратуу сыяктуу өзгөрүүлөр болуп жатканда, мамлекет катары, өлкөнүн бүтүндүгү, келечеги үчүн бир муштумдай биригишибиз абзел», — деди ал.

Аны менен катар, Токтошев дүйшөмбү күнү «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы бул маселе боюнча жыйынга чогулуп, расмий билдирүү жасай турганын кошумчалады.

Мадумаров 2-март күнү жашы жете баласы менен сейилдеп жүргөндө ИИМ тарабынан кармалган. Ага «Мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен айып тагылды. Мадумаров аны «жомок» деп атоодо. 

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту эл өкүлүн 24-октябрга чейин камакка алган. Анын жактоочусу Гуляна Убалиева райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз беришерин билдирген.

Мадумаров жана аны жоопко тартуу аракети

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнүп, бир нече жолу парламентке кайрылган. Биринчисинде депутаттар каршы болгон.

Экинчи жолу эл өкүлдөрү атайын комиссия түзүп, Мадумаровду прокуратура сунуштаган төрт берененин бири — «Бийликтен аша чабуу» боюнча гана жоопко тартууга уруксат берген.

Ошондой эле Мадумаровдун депутаттык мандаты сакталып, өз милдетин уланта берери белгиленген. Эл өкүлү аны жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атаган.

Адахан Мадумаров — Жогорку Кеңештеги оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери. Эл өкүлү азыркы бийликти адам укуктарын бузуп, Конституцияны сактабай жатат деп бир нече жолу сынга алган. 

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Мадумаровду бир нече жолу парламентте «каматам» деп коркутса, президент Садыр Жапаров эл өкүлүн «өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт» деп сындаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эми анык. Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди

Мадумаров прокуратуранын жоопко тартуу аракетин «саясий иш» деп атады