Юрист: Селекцияда бычакталган аялга убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес

Сокулук районунун Селекция айылында күйөөсү тарабынан бычакталган Асел Ногойбаевага убагында медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу 2-октябрда жабрылануучунун юристи Индира Саутова билдирди.

Анын айтымында, окуя таңкы саат сегиздерде болсо, милиция кызматкерлери жабырлануучуну ооруканага 10до жеткирип, ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. 

«Бул убакыт ичинде Асел каза болуп калышы толук мүмкүн эле. Тез жардам чакырса нөөмөт алмашып жатканын айтып, Сокулукка алып баргыла дешкен. Мындан улам тез жардам кызматкерлеринин жоопкерчилиги боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу жолдодук», — деди жактоочу.

Ошондой эле Саутова шектүүнүн мурдагы «зордуктоо» иши боюнча отурум судьянын бөлмөсүндө өтүп, айыпкер пробациялык көзөмөл менен бошотулганын белгиледи. Анын айтымында, отурум беш мүнөткө созулуп, камерага, аудиого жаздырылган эмес.

Ал эми адвокат Улан Сейитбеков укук коргоо кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча Башкы прокуратурага арыз беришкенин билдирди. 

Ал арада Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков мурдагы аялын мыкаачылык менен зордуктаган кишиге пробация дайындаган судьяны кызматтан алууну талап кылып чыкты.

Буга чейин Ногойбаева коомчулукка кайрылуу жасап, окуя болгонго чейин бир нече жолу укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок «эч кандай натыйжа болбогонун жана укугу корголбогонун» айткан.

Селекцияда бычакталган аял

36 жаштагы аялдын кыйноого кабылганы тууралуу 20-сентябрда белгилүү болгон. Ал бети-башы, мойну кескиленген абалда ооруканага жаткырылган. Бул боюнча «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголуп, 39 жаштагы шектүүнү кармалган — ал эки айга камакка алынды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жабырлануучу буга чейин мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн эки жолу милицияга арызданганы айтылган. Маалыматты Чүй облустук милициясы да тастыктаган.

Сокулук райондук сотунан шектүүгө карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон буга чейинки кылмыш иши «жабырлануучу айыпталуучу менен элдешкенине байланыштуу» кыскартылганын билдиришкен.

Жабырлануучунун сиңдиси эжеси мурдагы күйөөсүнө карта тосмо арыз жазбаганын айтып чыккан. Анын айтымында, эжеси зөөкүрдү кечирген эмес жан аны жоопкерчиликке тарттыруу үчүн милициядан кетпей калган.

Бул маселе 21-сентябрда парламентте да көтөрүлгөн. Депутаттар мындай көрүнүш үй-бүлөлүк зомбулукка кайдыгер мамиле кылгандан улам болуп жатканын баса белгилеп, шектүүгө чара көрүүнү талап кылган.

ИИМ милиция окуяга «өз убагында реакция кылып, мындан да оор кесепеттерге жол берилбегенин» билдирген. Ошондой эле милициянын башчысы Улан Ниязбеков ишти жеке көзөмөлүнө алганы айтылган.

27-сентябрда Чүй облустук соту шектүүнү буга чейинки зордуктоо иши боюнча 8 жылга эркинен ажыратты.

Башкы беттеги сүрөт «Акипресс» басылмасынан алынды.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кайрылбаган жерим калган эмес». Селекциядагы бычакталган аял билдирүү жасады

Селекцияда бычакталган аялдын иши: Сот шектүүнү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кести