Бек Борбиев: Райымдын жакын досторунун катарына мен эч качан кирген эмесмин

Райымбек Матраимов жана Бек Борбиев.

Ырчы Бек Борбиевдин «Жаратман» подкастында санаалашы, бажыдагы коррупция боюнча күнөөсүн моюндаган Райымбек Матраимов тууралуу айткандары соцтүйүндө кызуу талкуу жаратты.

Борбиев алгач Матраимов «коррупционер эмесмин» деп айтканы үчүн аны колдоп жүргөнүн, кийин күнөөсүн моюндап, айып төлөгөн соң аны менен мамилесин токтотконун белгиледи.

«Ага чейин мен “коррупционер эмесмин” деп жатса, күндө жанында жүрүп, эмне кылып атканын көрбөгөндөн кийин ишенесиң да. Райымга окшогон байлар бажыда аябай эле көп болчу. Ошолордун бирөөсү да деп койчумун. Мойнуна алгандан кийин “кой эми, коррупционер болсоң, эми кандай кылабыз” деп айттым. Ошондон кийин көрбөй калдым окшойт», — деди ырчы. 

Ал Матраимовду 1994-жылдан бери билерин жана санаалаш болуп жүргөнүн белгиледи. Ошондой эле ал бажыда жүргөндө да тааныш болуп, бирок экөө эки башка жерде иштегенин кошумчалады.

Борбиевдин айткандары соцтүйүндө кызуу талкуу жаратып, фейсбук колдонуучуларынын сынына кабылганда ырчы кайрадан билдирүү жасады. 

Анда ал «эч качан Матраимовдун жакын досторунун катарына кирбегенин» баса белгилеп, күнөөсүн моюндаганда соцтүйүн аркылуу аны колдогонду токтоттум деп түшүндүрдү.

«Эмне жок андай эмес деп уланта бериш керек беле? Логикага таптакыр жатпайт го. Керек болсо өзүнө “мага кыйын болуп калды, эми унчуга албас болдум” деп айткам. Бул сөзүмө ал “жалгыз менин эле эмес башка да көп адамдын тагдыры турган үчүн ушундай кылдым” деп жооп бергени эсимде. [...] Бирок туугандар, мыйзам баарынан улук. Чыгармачыл адамдар калыстыктан кайтпашыбыз керек, тарых кечирбейт. Албетте, ошондон кийин Райым мага капа деле болгонун көрбөдүм, туура эле түшүнгөн. Ага чейинки колдоомо “жигитче турдуң, далай жаман сөз уктуң, эми колдоонун кажети жок” деп ыраазычылык айткан», — деди ал.

Бек Борбиев деген ким?

Ырчы Бек Борбиев 2020-жылы парламенттик шайлоодо мурдагы бажы кызматкери Райымбек Матраимовго байланышы бар делген «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдогон. Матраимов — бажыдагы коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алган аткаминер.

Борбиев партиянын сьездине катышкан соң саясий бирикменин аталышындагы «Мекеним Кыргызстан» аттуу ыр жаздырып, клип тарткан. Анда ырдын аталышы бир нече жолу кайталанып партиянын логотиби көрсөтүлгөн. БШК үгүт иштери башталганга чейин агитация кылганы үчүн ырчыга 7 500 сом айып салган.

Октябрь окуяларынан улам өлкөдө бийлик алмашкандан кийин Борбиев коомчулук тарабынан сынга алынган Конституциянын жаңы долбоорун эл алдында колдоп баштаган. Ал «бир адам баарына керт башы менен жооп берет» деген идеяны жактырып, долбоорду окубай туруп колдоорун айтып чыккан.

2021-жылдагы парламенттик шайлоого ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен барган. Бул партияны УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен байланыштырып жүрүшөт.

Борбиевдин айтымында, ага бир катар партиядан сунуш түшкөн, бирок партиянын стратегиясы менен анын келечектеги көз карашы 100% дал келгендиктен «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын тандаган.

2005-жылы Борбиев Мамлекеттик бажы кызматынын «Түндүк» темир жол бажысына тиешелүү «Бишкек-1» постунун башчысы кызматын аркалаган. Бирок, өзүнүн айтымында,ал кезде Матраимов менен тааныш болгон эмес, себеби ал түштүктө иштечү.

Журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темировдун «Матраимовдун бажы империясы» иликтөөсүндө ырчынын уулу Хан-Бото Борбиевдин аты аталат — ал «Манас» бажысында ыкчам нөөмөт бөлүмүндө инспектор болуп иштеген. Анда Борбиев тергөө боюнча өз пикирин билдирип, уулу «конкурстук негизде гана» жумушка орношконун айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бизди чийип, ордубузга алып келген досторуң көрүнгөн жок» — Бек Борбиев Матраимов тууралуу

Бек Борбиев: Эл башындагы эки жигитке керектүү жерде админресурс иштеди