Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдомой болду

Сүрөт Өмүрбек Бабановдун фейсбук баракчасынан алынды

«Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Бабанов бул чечимге президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин келгенин айтты.

«Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экенин көрдүм», — деп жазды Бабанов.

Мындан сырткары ал Жапаров менен конституциялык реформа тууралуу сүйлөшкөнүн да билдирди. Ошондой эле, ал президенттик шайлоодо Жапаровдун талапкерлигин колдой турганын жарыялады.

«Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» партиялары 9-октябрда Өмүрбек Бабановду премьер-министр кызматына сунуштаган. Ошол эле күнү Бишкектеги Борбордук аянтта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Бабанов жетектеген митингдин катышуучулары жана Садыр Жапаровдун тарапташтарынын ортосунда жаңжал чыгып, анын натыйжасында бир канча жаран жаракат алышкан.

Кийинчерээк Бабанов премьер-министрлик кызматынан баш тартканын жарыялаган.

Ал ортодо Жапаров президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп бере турганын айткан.

Кыргызстана президенттик шайлоо 2021-жылы 10-январда өтөт. Азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин тогуз талапкер билдирди. Алар: