Акыйкатчы Венеция комиссиясынан Конституциянын жаңы долбоорун экспертизадан өткөрүп берүүнү суранды

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Венеция комиссиясынын башчысы Жанни Букиккиого кат жолдоду. Анда акыйкатчы Конституциянын жаңы долбоорун адам укуктары жана демократия стандарттарына шайкеш келишин аныктоо максатында документти эл аралык экспертизадан өткөрүп берүүнү өтүнүп комиссияга кайрылган.

Акыйкатчы жолдогон катта баш мыйзамга түзөтүү киргизүү демилгесинин авторлору Конституциянын жаңы долбоору өлкөдө бийлик алмашууга алып келген парламенттик шайлоодон кийин иштеп чыгышканын айтып жатат деп белгилейт.

«Конституциялык реформа жүргүзүү зарылчылыгы көптөгөн жагдайлар менен шартталган. Анын ичинде колдонуудагы Конституциядагы дал келбөөчүлүк жана башкаруу системасынын натыйжасыздыгы да бар. Бул жагдайлар экономикалык жана социалдык турмушта көзгө көрүнөрлүк прогрессти камсыздай албай жатат. Мындан улам жарандык коомдун нааразычылыгы күч алууда», — деп жазылган катта.

Мындан тышкары, акыйкатчы Кыргызстанда Конституциялык реформа өткөрүү жана анын жоболоруна ылайык Конституцияга өзгөртүү киргизүү пландалып жатканын белгиледи.

«Бул коомдо чоң резонанс жаратты. Азыркы учурда саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык коом сунушталып жаткан долбоордун өзүнө да, конституциялык реформанын зарылдыгына да, аны иштеп чыгуудагы жана чыгаруудагы процедуралардын сакталышына ар кандай мамиле жасашууда», — деп белгиледи акыйкатчы.

Ошондой эле ал 2020-жылдын 20-ноябрында Конституциялык кеңеш түзүлгөндүгүн, кеңешме өз ишин баштап, аткаминерлер менен жарандык коомдун сунуш-пикирлерин кабыл алып жатканын кошумчалады.

«Ушул жагдайларды эске алуу менен бирге, КРнын Конституциясын адам укуктарынын жана адамзаттык ченемдердин стандартына ылайык келүүсүн эл аралык экспертиза аркылуу аныктап берүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнөм», — дейт акыйкатчы.

Дегеле Кыргызстандын иштеринин Венеция комиссиясына кандай тиешеси бар?

Венеция комиссиясы же укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы — конституциялык укук боюнча кеп-кеңеш берген эл аралык орган.

Венеция комиссиясы кайсыл бир мамлекеттин каалоосу жок эле анын иштерине киришип, анын саясий процесстерин изилдей албайт. Кыргызстан конституциялык маселелер боюнча эл аралык эксперттердин жардамын сурап мурдараак өзү кайрылган болчу.

Ноябрдын башында аларга Жогорку Кеңеш кайра өтө турган шайлоону алгач Конституцияны реформалагандан кийин өткөрүш керек деп чечип белгисиз мөөнөткө жылдыргандан кийин Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеев жазган.

Анда Венеция комиссиясы Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуудагы шашылыштык мыйзамдарга ылайык келбесин, ал эми парламенттик кайра шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу менен бирге парламенттин аракеттери «убактылуу функцияларынын алкагынан чыгып», аны «демократиялуу деп атоого болбойт» деп бүтүм чыгарган.

«Ханституция»

Конституциянын жаңы долбоору 17-ноябрда коомдук талкууга коюлуп, ал эл оозуна «Ханституция» деген ат менен алына баштады. Өлкөнүн негизги мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнүн демилгечиси болуп президенттикке талапкер Садыр Жапаров эсептелет.

Ал Кыргызстан президенттик өлкө болушу керек жана бул Конституциянын долбоорунда көрсөтүлгөн деп эсептейт. Мындан тышкары, долбоор Жапаров сунуштаган башка да ченемдерди чагылдырат, мисалы, өлкөнүн башкы органы катары элдик курултай түзүү.

Бир топ саясатчылар жаңы долбоорду авторитаризмге жана Бакиевдин убагына, ал тургай орто кылымдарга кайтуу деп атап, эгер ал кабыл алынса элдин эркиндигин чектейт тынчсызданышууда. Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Жарандык көзөмөл комитетинин ыкчам отурумунда аталган Конституция күчүнө киргенде дүйнө жүзү өлкөнү тааныбай, ага жардам берүүнү токтотот деп билдирген.

Депутат Канат Исаев болсо долбоордун автору Садыр Жапаров экенин ачык эле билдирген, бирок долбоордун авторлорунун расмий тизмесинде анын фамилиясы жок.

Ошол эле учурда Конституциянын жаңы текстинин автору жана демилгечиси деп көрсөтүлгөн айрым депутаттар документти көрүшпөгөнүн жана аны иштеп чыгууга катышпаганын айтып чыгышты.

Анткен менен Садыр Жапаровдун экс-кеңешчиси Акылбек Жапаров долбоорду иштеп чыгууга Президенттин аппараты катышып, ал учурда президенттин м.а жана премьер-министр Садыр Жапаровдун идеялары да эске алынганын тастыктаган. Бул учурдагы Конституцияны бузууга алып келген.

Коомдук талкууга коюлган Баш мыйзамдын вариантына түзөтүү киргизүү үчүн президенттин м.а. [Садыр Жапаровдун тарапташы жана «Ата-Журттагы» партиялашы, Жапаров жана УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен бирге бийликти күч менен басып алуу аракети үчүн соттолгон] Талант Мамытов Конституциялык кеңеш чакырткан.

Конституциялык кеңешменин курамына 89 адам кирген. Алардын ичинен көбү Садыр Жапаровдун идеяларын түздөн-түз колдогон тарапташтары, Конституциянын жаңы версиясынын демилгечилери, андан тышкары, Манас таануу, кыргызстардын руханий жана салттык илим-билими боюнча адистер. Кеңешменин курамында долбоорго каршы болгон бир да оппонент жок.

Конституциялык кеңешменин башчысы болуп Бекбосун Бөрүбашов дайындатган. Анын айтымында, сунушталып жаткан Конституциянын жаңы долбоорун алар 2006-жылы эле ал беш юрист менен бирге жазып койгон.

Бирок, кийин Бөрүбашев «республиканын жаңы жетекчилиги долбоорумдун кайсы бир элементтерин алган» деп билдирген, тагыраагы бүт долбоордун авторлогунан формалдык түрдө баш тарткан. Андан кийин долбоордун авторлугу тууралуу жоопко долбоордун демилгечилери депутаттар деп айткан.

Садыр Жапаров болсо 23-ноябрда 7-каналга маек куруп, Бөрүбашевдин Конституциянын «жаратуучусу» жана Конституциянын «аталарынын» саны боюнча айткан сөздөрүнүн айрымдарын тастыктаган.

22-ноябрда Бишкекте Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен макул эместердин тынчтык маршы өткөн. Маршка бир нече жүздөгөн адамдар катышкан — алар «ханституцияга жол бербейбиз» деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп келишкен. Ошондой эле, адам укугуна, сөз эркиндигине басым кылбоо, демократия жана парламентаризмге жол ачуу тууралуу талаптар болгон.