30-октябрда активист Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан) коомчулукка абактан кат аркылуу кайрылуу жасады. Ал «президенттик институтту жоюп, толук парламенттик башкарууга өтө турган убакыт келди» деген пикирин билдирди.
«Камалган саясатчы көп болуп кетти. Мунун баары салтка ылайык президент болсо болбой калат го?», — деп жазды ал.
Буга чейин кармалган укук коргоочу Клара Сооронкулова дагы абактан кат аркылуу 11 жаштагы баласын туулган күнү менен куттуктаган. Андан соң активист Перизат Суранова да коомчулукка кат аркылуу кайрылуу жасады. Ал бийлик активисттерге «мыйзамсыз иш козгогонун» айтты.
Активист жана саясатчылардын кармалышы
ИИМ 23-октябрдын таңында, дем алыш күнү, 20дан ашык активист жана саясатчылардын үйүн тинтүүгө алып, андан соң кармап кеткен. Аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылган.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-октябрга караган түнү алардын баш коргоо чарасын караган. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.
Бириккен демократиялык кыймылы 29-ноябрга карата кармалгандардын саны 28 адамга жеткенин маалымдады. Биринчи май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынгандар:
- укук коргоочу Клара Сооронкулова;
- укук коргоочу Рита Карасартова;
- экс-депутат Асия Сасыкбаева;
- саясатчы Равшан Жээнбеков;
- саясатчы Бектур Асанов;
- саясатчы Жеңиш Молдокматов;
- саясатчы Азимбек Бекназаров;
- активист Эрлан Бекчороев;
- БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева;
- журналист Айданбек Акматов;
- активист Айбек Бузурманкулов;
- активист Перизат Суранова;
- активист Чыңгыз Капаров;
- активист Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан);
- активист Таалай Мадеминов;
- УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев;
- активист Нурлан Асанбаев;
- экс-депутат Кубанычбек Кадыров;
- активист Улукбек Маматаев;
- активист Атай Бейшенбек;
- активист Марат Баязов;
- активист, Өзгөндүн тургуну Акыл Айтбаев;
- саясатчы Мамбетжунус Абылов;
- экс-депутат Орозайым Нарматова;
- активист Илгиз Шаменов;
- экс-депутат Канат Исаев — УКМКнын ТИЗОсунда.
Бириккен демократиялык кыймылдын маалыматына ылайык, активист Талан Эшалиев үй камагында болсо, Тилекмат Күрөңов издөөгө алынды.
Аны менен катар, тергөөдөгү кылмыштын материалында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун жана депутат Исхак Масалиевдин аты аталганы айтылууда.