16-октябрда, таасири күч кримтөбөл Камчы Көлбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан жок кылынгандан эки апта өткөн соң гана, Кыргызстандын президенти болгон күчүн жыйнап, бейрасмий үй-бүлөлүк катышы бар жердешинин табышмактуу жагдайда атылышы боюнча комментарий берди. Садыр Жапаров атайын операция тууралуу «интернеттен» укканын билдирди. Эгер чындык ушул болсо, демек УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин кызыкчылыгына түздөн-түз таасир эткен атайын кызматтын орчундуу операциясын макулдашкан эмес. Мындай шартта, бийликтеги тандемдин тирешүүсү ачыкка чыкканын көрүүгө болот. Бул тиреште Жапаров жеңүүчү болуп чыгышы дагы күмөн.
Камчы Көлбаев ким болгонун түшүндүрүүгө көп убакыт кетет, түшүндүрүүнүн кажети деле жок — ким билбесе, Google жардамга келет. Болгону, Көлбаев кыргыздардан чыккан биринчи таажылуу мыйзамдагы ууру экенин айтып коюу жетиштүү. Ал 15 жыл «мыйзамдагы ууру» деген атты алып жүрдү, кыргыздын Deep State же болбосо «көмүскө мамлекетин» башкарды. Бул аралыкта өлкөдө төрт президент алмашты, ал эми Көлбаевдин бийлиги күчтөнүп отурду. УКМКнын маалыматына ылайык, Көлбаев жана жакындарынын туризм, курулуш, соода жана ресторан бизнесинде мыйзамсыз финансылык активдери болгон. Ага таандык уюшкан кылмыштуу топту аткезчилик, эл аралык баңгизат ташуу, талап-тоноо, уурулук, адам уурдоо менен байланыштырып келишет. «Бул адамдан жакшылык күткөндөр деле аз болчу», — дейт адвокат Канат Хасанов. — Мамлекеттик кызматта туруп УКТ уюштуруп жаткан чиновниктердин өзбилемдиги менен калпынан кийин, мындай [Көлбаевдей] адам жырткыч болсо дагы сыйга татыган.
Көлбаев окко учканы тууралуу кабар тараганда эле, сырдуу жагдайлар, дал келбеген учурлар көп болду.
Бир жагынан алсак, Ташиев уюшкан кылмыштуулукту түп тамыры менен жоготом деп сөөмөй кезеп, Кыргызстанда УКТ жоголот, кылмышкерлер өлкөдөн чыгып кеткиле деп эскерткенине көп болгон.
Экинчи жагынан, 2023-жылдын августунда Көлбаевдин адвокаты Казакстанда трансулуттук кылмыштуу топ түзүү боюнча кылмыш иши мөөнөтү эскиргенине байланыштуу токтотулганын айтып, андан башка иш козголгон эмес деп билдирген.
Ошондуктан 4-октябрь күнү кармоо учурунда күч органдарына ок чыгарып коргонууна аракет кылган Көлбаев жок кылынды деген кабар тараганда, алгач эч ким ишенген эмес. Анын үстүнө, жаңылыктарда башында аны «кармоо» тууралуу гана сөз болгон. ( 4-октябрь күнү кечки бештерде 24.kg басылмасы: «Кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) кармалып, УКМКга жеткирилди. “Учкундун” имаратындагы атайын операция аяктады. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, ок атышуунун жүрүшүндө спецназдын бир жоокери катуу жарадар болду. Ал эми Камчы Көлбаев жарадар болгон жок», — деп билдирген).
Кийинчерээк Көлбаев гана өлтүрүлдү деген кептер тарап, бул боюнча анын адвокаты андай болбошу керек, «эгер кимдир бирөө буйрутма берип өлтүртпөсө эле» деп жооп берген. Кечке маал гана УКМК Көлбаев өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматты тастыктаган.
Жапаровдун тушунда Көлбаев эки жолу кармалган — 2020 жана 2022-жылы. Анда ал каршылык көрсөткөн эмес, болбосо экинчи жолкусунда жанында куралы бар болчу. Анан эмнеден улам, ал туруп-туруп эле ок чыгарып баштайт?
Бандиттер атайын кызматтын колунан ажал тапканы жаңылык деле эмес. Беларустун президенти Александр Лукашенко 90-жылдары анын тапшырмасы менен, суроо-сопкуту жок эле республикада бир нече банда жок кылынганын мойнуна алганы бар. Бирок Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин бандиттерди башка бандиттер гана өлтүрүп келишет. Ал эми бош калган криминалдык тактыга келиши мүмкүн делген талапкерлер кылмыш дүйнөсүнөн жапырт баш тартканын буга чейин эч ким көргөн эмес.
Көлбаевдин өлүмүнөн кийин дароо эле мүлк бөлүштүрүү башталды. Кримтөбөлдүн 1 млрд долларга бааланган (өлкө бюджетинин үчтөн бири) өзүнүн мүлкүн эле камакка албастан, Көлбаевге «алым» чыгарып берип турган ишкерлер кармала баштады.
Алар төлөбөй коё алат беле? Риторикалык суроо. Мисалы Ысык-Көлдө кафе иштеткен ижарачылардын бири УКМКга кайрылып, Көлбаевдин адамдары «калкалаганы үчүн» 500 доллар талап кылып жатканын айтса деле, ага эч ким жардам бербегенин айтып чыккан. Анын айтымында, акча төлөбөйм дегени үчүн УКТ мүчөлөрү кафени өрттөп кетишкен. Эми УКМК Көлбаевге «алым» төккөндөрдү «УКТны каржылоого» айыптап жатат. Эми алар камактан чыкканда капчыктары кагылып чыгат сыяктанат.
Өлкө башчынын текчесиндеги скелет
Колонияда отуруп чыккан, ТИЗОдо кан тамырын кескен саясатчы Садыр Жапаров үчүн Камчы Көлбаев тек гана ысык-көлдүк жердеши болчу десек жаңылабыз. Юрист, укук коргоочу Лейла Сейитбек Көлбаев Жээнбековдун өкмөтүн мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү боюнча сүйлөшүүлөргө активдүү катышкан деп боолголойт. Жапаров өзү Көлбаев менен 2010-жылы кылмыш иши боюнча УКМКнын ТИЗОсундагы беттештирүүдө таанышканын, андан кийин көрүшпөгөнүн айтып ишендирген. Бирок 2013-жылы сот отурумунда депутат Кудайбергенов Жапаровду 2010-жылы Көлбаев менен бирге жүргөнүн көргөнүн айткан.
2020-жылы бийликти басып алууга криминалдын катыштыгы бар экени тууралуу көп эле жолу айтылган. Аянтта Жапаровдун саясий атаандаштарын сабап, таш бараңга алып, алтургай аларды мээлеп ок аткандар болгон. Митингге чыккандар Ак үйдү басып алып, Жапаровду абактан бошотуп чыккандан кийин, Ала-Арча мамлекеттик редиденциясынын алдында нөөмөттө турган ыктыярчылар Жапаровдун унаасынан артынан эле Көлбаев да кирүүгө аракет кылганын байкашкан. Балким, анда кримтөбөл Жээнбековду бийликтен четтетүүнүн шарттарын талкуулаган сүйлөшүүлөргө катышкан болушу мүмкүн. Бирок муну Жээнбеков өзү четке каккан.
Ошол эле маалда, юрист жана укук коргоочу Лейла Сейитбек агрессивдүү спортчулар парламент депутаттарын Жапаровду премьер-министр кылып бекитүүгө мажбурлап, ал эми сотторду чыгарган өкүмдөрүн жокко чыгарууга аргасыз кылышканын жазган.
Вице-спикер Аида Касымалиеванын айтымында, ал Урмат Самаевдин адамдары болгон. Самаев — Көлбаев менен Жапаровго байланышы бар, буга чейин чек арадагы ок атышууга аралашкан депутат. Самаев өзү Көлбаев менен тааныш экенин четке каккан эмес, бирок ал криминал менен байланышым жок деп келген.
Жапаров менен Көлбаевдин жакындыгынын дагы бир далили — президент жана кудасы Акылбек Туманбаевдин Азим Рой менен түшкөн сүрөтү. Рой — «Орусия жана Борбор Азиядагы кылмыш дүйнөсү менен байланашы бар ишкер». Иликтөөчү журналисттер сүрөт 2021-жылы Ысык-Көлдөгү мамлекеттик резиденцияда тартылганын аныктап чыгышкан. Ошол эле жылы Рой ИИМге демөөрчү болгону үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдон медаль алган. Министр Ниязбеков дагы — Жапаровдун кудасы.
Азим Рой Камчы Көлбаевдин эң жакын чөйрөсүндө болчу: төмөнкү сүрөткө алар өзбек-кыргыз кримтөбөл Салим Абдувалиевдин сарайында түшкөн. Ошондой эле Көлбаев менен Ройдун эс алууда чогу түшкөн сүрөттөрү да бар.
Кийинчерээк соцтүйүндөрдө Бишкекке келген ММА чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен Садыр Жапаров жана Камчы Көлбаевдин уулдары, ошондой эле Көлбаев менен байланышы бар, кыргыз аткезчилеринин «өкүл атасы» Райымбек Матраимовдун уулу бирге түшкөн сүрөт тарап кеткен.
Жапаров бийликке келгенден тартып Көлбаев кол тийбестикке ээ болгондой сезилген. АКШ кримтөбөлгө издөө жарыялаганда президент аны ачык эле коргоп чыккан. 2020 жана 2022-жылдары УКМК кызматкерлери Көлбаевди кармаганы спектакль сымал көрүнгөн.
Кыскасы, балээни кайдан деп болбойт. Күтүүсүз эле ушундай окуялар болуп кетти.
«Президент Ташиев»
Көлбаевдин атылганы Садыр Жапаровду ушундай бир абалга алып келди, эми эл алдында кандай реакция кылбасын утушта гана болот. Эгерде атактуу жердеши тууралуу сүйлөгөндө урматтоонун учкундары байкалып, Путин Пригожин тууралуу айткандай сыйлаганын билдирген болсо, мамлекет башчысы катары өзүнүн жүзүн жоготот. Ал эми Ташиевди коштоп, ырас болот же ар бир кылмышкердин көрөөрү ушул дей турган болсо, бир гана Ысык-Көлдө эмес, бардык эле жерде чыккынчылык деп эсептелет. Ошондуктан да Жапаров көпкө чейин дымын чыгарбай, акыры таң калганын, кабар жоктугун айтып чыгууну чечкендей.
Негизги маселе башкада: Көлбаевдин көзүн тазалоо президент менен макулдашылганбы?
Ташиев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылып жатып кыйыткандай, чындап эле макулдашылган болсо, анда президент башчыга мүнөздүү классикалык арамзаалык кылган болот. Автократтар бирөөгө милдеткер болгусу келбейт: буга мурдагы кожоюндарын мөөнөтүнөн мурда «узаткан» Эмомали Рахмон жана Касым Жомарт Токаевдин өмүр баяны далил боло алат. Кээде (жарандык согуш учурунда Рахмонду киши кылган «тажиктин Чапаеви» атыккан Сангак Сафаровдун өмүрүн эстесек) түз мааниде дагы айтууга болот. Алыс барбай эле коёлу: муну Сооронбай Жээнбековдун өмүр баяны дагы көрсөтүп турат.
Ал эми УКМКнын башчысы кримтөбөлдүн көзүн тазалаган соң гана президентке айткан болсо — анда өлкөнүн чыныгы президентинин аты Камчыбек Ташиев.
Өлкөнү башкарып жаткан тандемде Ташиевдин ролу көптөн бери эле эбегейсиз өсүп жатат. Ал Кыргызстандын жашоо-турмушунун бардык тармагына — маданияттан тартып күйүүчү май ташууга чейин — аралашып келет. Өлкөнүн биринчи ньюсмейкерине айланып, болгон ресурсту өз колуна топтоду.
Минкаб төрагасынын орун басары катары бир гана атайын кызматты эмес, Кемпир-Абад суу сактагычы жана кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү дагы жетектеди. Түркиядан «Байрактарды» сатып алган дагы Ташиев. Парламентте мандаттардын үчтөн бир бөлүгүнө ээ болгон «Ата-Журт–Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү да ушул киши. Анын өлкөнүн түштүгүндө дагы таасири чоң. Бир учурда көп сандаган адамды артынан ээрчите алат.
Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндөгү экономикалык ресурс дагы оңой эмес. Бул жерде «кустуруу» жана бизнестин социалдык долбоорлорду колдоо үчүн «өз ыктыяры» менен төгүп берген каражаттары УКМКнын эсеби аркылуу өтүп жатканын айтууга болот. Андан тышкары энергетика тармагындагы, жер казынасын пайдалануудагы Орусия менен биргелешкен долбоорлор бар. Жакындан тартып, Көлбаевдин империясына ыкчам көзөмөл кыла баштады. УКТнын дарегине айтылган коркутуулар, эгер келечекте Кыргызстанда формалдуу эмес арбитр пайда болсо, анда ал Ташиев өзү болорун туюнтту.
Авторитардык башкаруунун логикасы жана саясий салттар Кыргызстанда бир гана башчы калышы керек экенин айтып турат. Мындай шартта, азырынча Садыр Жапаровдун жагдайы анча эмес.
Күч түзүмдөрүнүн ичинен бир гана ИИМ президентке бейформал ылым санайт. Анткен менен ИИМ деле УКМКнын фонунда аты-жыты билинбей калды. Баса, ырынан чыры көп прокуратура дагы бар. Юрист Нурбек Токтакуновдун пикиринде, булардын таасирин тең салмактоо үчүн Жапаров Жогорку Кеңешке «абысын» кылып Курултайды сунуштаган.
УКМКнын Көлбаевди кармоо учурундагы аракетин президентке караштуу Аскер прокуратурасы текшерет деген сөзү элитаны Кыргызстанда башкы арбитр Ташиев эмес, өзү экенине ынандыруу аракети сыяктанат.
Бирок ынандыруу оңой болбойт — айрыкча президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаевди (Жогору жактагы сүрөттө Садыр Жапаров жана Азим Рой менен бирге отурат) журналисттер УКМКда жүргөнүн көргөндөн кийин. Түмөнбаев “өз каалоосу менен”, иштери чыгып келгенин билдирген. Көлбаевдин тажыясына бардыңызбы деген суроону жоопсуз калтырган.
Аткезчилик жыттанган иш
Мейли, Жапаров менен Ташиевдин тандеми урабас, ал эми Көлбаевди экөө кеңешип жок кылды дейли. Анда эмнеге азыр?
Мунун жообу Кытайдан келген аткез жүк болушу мүмкүн. Анын масштабы өтө чоң болушу ыктымал. Кытай эл республикасынын элчиси Ду Дэвэндин айтымында, өткөн жылы Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 15,5 млрд долларга жеткен. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттинин маалыматы боюнча, ал болгону 4,13 млрд долларды түзгөн. Башкача айтканда, мунун 300% же 11,38 млрд доллары бир жакка жоголгон.
Орусия Украинага толук масштабда бастырып киргенден кийин Борбор Азия аркылуу товар ташуу Орусия үчүн Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүнүн маанилүү куралы болуп калган. Ал эми Жапаров менен Ташиев мындай чоң олжону криминалдын колунда калтырууга жол бере албайт эле.
Кыргызстан жана Казакстан компаниялары батыштын техникаларын Украинадагы согушка байланышы бар орусиялык фирмаларга ташып турганын буга чейин «Азаттыктын» журналисттери айтып чыккан. Алар кыргыз жана казак компаниялары эки багытта колдонулчу технологияларды экспорттоп жатканын белгилешкен. Батыштын мындай жеткирүүлөргө тоскоолдук кылуу аракеттерин көңүл сыртында калтырышкан.
Көлбаевдин жок кылынганы контрабанда агымын көзөмөлдөө башка колго өткөнүнөн кабар бериши мүмкүн деген божомолду, ошол эле күнү миллиард долларды чапчыган аткезчилик коррупциялык схеманын автору Райымбек Матраимовдун УКМКга суракка келгени кыйыр болсо да көрсөтүп турат. Маркум Көлбаевди Матраимовдун «өнөктөшү жана коргоочусу» деп аташкан. Анын бир тууганы Бакыт Көлбаев Түндүк-Чыгыш бажысынын башчысынын орун басары болгон.
Көлбаев өзү трансулуттук төрт кылмыштуу топтун бири «Братский кругдун» мүчөсү болчу. АКШ президентти Обаманын администрациясынын маалыматына ылайык, Көлбаев Борбор Азиядагы «Братский кругтун» ишмердүүлүгүнө «көзөмөлчү» катары иш алып барган. Көлбаев жарым-жартылай Ооганстандан героин аткезчилигин «Түндүк каттамы менен» ташууга жооптуу болгон. OCCRP Борбор Азия өлкөлөрүнөн ташылып чыккан героиндин чейректен тартып жарымына чейин түндүк жол менен кетерин жазган.
Мындан тышкары, коңшу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин эксперти «Хабар» телеканалына интервью берип, Көлбаев казакстандык «уурулар коомунан» бир кварталда 2 млн долларга чейин акча алып турганын айткан. Бул анын кылмыш дүйнөсүндөгү эл аралык бийик макамынан кабар берет.
Көлбаев жок кылынгандан көп өтпөй Казакстандын улуттук коопсуздук комитети Кытай, Кыргызстан, Өзбекстандын чек арасында иштеген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жапырт камакка алып баштаган. Булар Көлбаевдин кишилери дагы болушу мүмкүн: 24-майда УКМК Көлбаевдин Бишкек боюнча көзөмөлдөөчү Алтуханы жана анын оң колу адилет Касеновду кармаган.Тергөөнүн версиясы боюнча, алар көп жылдар бою бүткүл КМШ боюнча экспортчулардан кытай товарларын тартып алып келишкен.
Кийин Кыргызстандын УКМКсы Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын кызматкер кыргыз Бажы кызматындагы кызматтарынан бошотулганын билдирген. Кызматтан бошотулган бажычылардын ичинде Көлбаевдин бир тууган агасы Бакыт Асанбек уулу болгон.
Эске салсак, мунун баары Орусиянын президенти катышкан Бишкектеги КМШ саммитинин алдында болгон. Владимир Путин Кыргызстанга келгенде Садыр Жапаровду Ардак ордени менен сыйлаган.
Баса, Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз мүлкү боюнча УКМК тараткан тасмада Владимир Путин белек кылган сааттын кутусу жана сертификаты да бар. Бул буюмдар кримтөбөлдүн колуна кандайча тийгени табышмак.
Автору: Виктор Мухин, Арууке Солтоной