«Өмүрү кыска болот». Башка партия лидерлери «Мекеним Кыргызстан» тууралуу

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездинен тартылган сүрөт.

КТРКнын 30-сентябрда болгон теледебатында «Республиканын» лидери Мирлан Жээнчороев башка партиялардын лидерлерине «Матраимовдордун партия түзүп шайлоого аттанганына көз карашыңар кандай?» деп суроо салды.

Шайлоого аттанган «Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдордун кланына байланыштырып келишет. Ошондой эле, аталган партия менен депутат Искендер Матраимов дагы шайлоого бара жатат.

«Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков аталган партия көмүскө экономика менен тапкан акчаларды учурда коротуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, ал Матраимовдорго боору ооруй турганын айтты. Себеби, алар азыркы системанын курмандыгы болуп калышкан.

«Эгерде Матраимовдордун ар намысы болсо партияны шайлоодон алмак. Мен анын ордунда болсом партияны шайлоодон четтетмекмин», — деген жооп кайтарды.

Ал эми «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул партиядагы жигиттердин келечегине кабатырланды, себеби аларды «туңгуюк» күтүп турат деп эсептейт.

«Партиянын өмүрү кыска болот. Партиядагыларды оор күндөр күтүп турат деген ойду айткым келет», — деди ал.

«Ыйман Нуру» партиясынын тең төрагасы Нуржигит Кадырбеков аркасынан сөз түгүл, алардын туура эмес иштери фактылар менен далилденгенине токтолду. Ошол эле учурда баскан жолу таза эмес кишилердин партия түптөп шайлоого аттанып жатканын туура эмес деди.

«Ошол адамдын [Матраимовдор] партияны алдына салып алып шайлоого бара жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ошого жол бербеш керек болчу», — деди Кадырбеков.

Ал ошондой эле, ушундай нерселер болуп жатса, эл кантип бийликке ишенет деп суроо салды.

Андан сырткары аталган партияны түптөдү дегендердин илеби аларга дагы тийгенин кошумчалады.

«Бизге дагы жабыштырып жатышат, андан кудай сактасын. Аныкы өзүнө кут болсун, мурдуна жыт болсун», — деди ал.

«Ыйман Нуру» жана Матраимовдордун басымы

Буга чейин «Ыйман Нуру» партиясынын мурдагы лидери Айбек Осмонов аларга басым болуп жатканын айтып, партиянын катарынан чыккан болчу. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Михаил Халитов аларга «бажыны башкарган» бир адам кысым кылып жатканын билдирген.

Кийин партиянын тең төрагасы Чыңгыз Макешов Айбек Осмоновго басымды бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жасаганын тастыктаган.

Алгач жеке ишкер Айбек Осмонов «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеп, алар менен кошо парламенттик шайлоого талапкер болгон. Бирок белгисиз себептерден улам ал партиядан чыгып кетип, «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген.

«Матраимов шайлоого даярдыкты бир жыл мурун баштаган»

КТРКнын 28-сентябрында өткөн дебатында «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 2019-жылы шайлоо алдында мурдагы бажычы Райымбек Матраимов менен жолукканын айтып чыкты. Эртеси күнү ал фейсбукта түз эфирге чыгып Матаримов аны шайлоого бирге катышууга чакырганын билдирди. Сооронкулова Матраимов бир нече партия менен аттанарын белгилеп, даярдыкты бир жыл мурун баштаганын кабарлады.

Ошол эле учурда Сооронкулова Матраимовдун сунушунан баш тарткандыгын ал тууралуу «Ататтыктын» иликтөөсү негиз болгонун жана ага анын репутациясы маанилүү экенин айтты.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөнүн билдирген. Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.