Сузак: 18 жаштагы кызды уурдап, жарым жолго таштап кеткендер изделүүдө

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Гази Бабаярова

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 12-апрель күнү 18 жаштагы кызды никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдап, жолдон түшүрүп салган төрт киши изделип жатат.

ОИИБдин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаевдин айтымында, кыздын «Бека» аттуу таанышы шериктери менен аны түнкү саат 21:30 чамасында үйүнүн алдынан уурдаган.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде кызга «турмушка чыгасыңбы же каласыңбы» деп суроо узаткан. Кыз каршылыгын көрсөткөндө аны унаадан түшүрүп, белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

«Андан соң милиция менен атасы барып кызды алып келген. Кыздын көрсөтмөсү менен шектүүлөрдүн өздүгү аныкталган», — деди Жээнтаев.

Окуя боюнча «Азаттыктын» кабарчысы Талгат Бакиев да кабарлап, «шектүүлөр кызды уурдаганда жанындагы башка кызды унаасы менен сүзүп кеткенин» билдирди. Ошондой эле ал «жабырлануучунун атасы милицияны бир сааттан бери күтүп отурат» деп жазган.

«Жабыркаган кыз бети менен буту тытылып үйүндө отурат… Милиция аке каяктасыз», — деп суроо салган ал.

Ал эми Жээнтаев Бакиевдин уурдоого аракет кылгандар «башка кызды сүзүп кетти» деген маалыматын четке какты. Ошондой эле кыз жашаган аймак облуска караарын, ал эми анын жакындары шаардык милицияга чалышканын айтты.

«Алар ШИИБге чала беришкен. Ал жактан РИИБге кабар берилип, андан соң кызматкерлер барышты», — деп ишендирди Жээнтаев.

Учурда аталган факт «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Айзаданын өлүмү жана ала качууга каршы митингдер

Буга чейин, 5-апрель күнү, Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекова бир нече киши тарабынан уурдалган. Окуя видео байкоо камераларына түшкөн — анда Айзаданын жанына бир киши келип, аны күчкө салып автоунаа жакка жетелеп кеткени көрүнүп турат.

Ошондой эле кыздын жанына дагы эки киши келип, мажбурлап кызыл түстөгү «Хонда Цивик» үлгүсүндөгү автоунаага отургузушкан. Андан соң унаа белгисиз тарапка жөнөп кеткен.

Эки күндөн кийин гана, 7-апрелде, Чүйдүн Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаада мал жайып жүргөн чабан автоунааны байкап милицияга кабарлаган. Чакырууга келген милиционерлер унаанын арткы орундуктарында Айзада Канатбекованын жана аны уурдоого шектелген Замирбек Теңизбаевдин сөөгүн табышкан.

Алдын ала маалыматка караганда, Теңизбаев алгач Айзаданы футболка менен муунтуп өлтүргөн. Андан соң өзүнө канцелярдык бычак менен кол салган.

Айзаданын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, Бишкек жана Ош шаарларында маркумдун урматына зомбулукка каршы митинг өткөн. Көпчүлүк ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылышкан.

Айзаданын жакындары да милиционерлерге нараазы болушуп, аларга чара көрүлүшүн талап кылышкан. Кыздын энеси Назгүл Шакенованын сөзүндө, тергөөчүлөр «сарсанаа болбогула, ачуу басар келет, той жейсиңер» деп айткан. Ошондой эле маркумдун жакындары шектүү Айзаданы буга чейин да уурдоого аракет кылып, артынан коркутуп жүргөнүн маалымдашкан.

Шакенованын айтымында, ал Биринчи май РИИБисинде арыз менен кайрылганда бала кызынын артынан аңдып жүргөнүн жана анын «психикалык саламаттыгынан күмөн санаганын» да белгилеген. Бирок ага карабастан убагында чара көрүлгөн эмес деп эсептейт.

Кийинчерээк Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар деп шектелген төрт киши кармалган. Ошондой эле прокуратура милициянын аракеттерин иликтей баштаган. Ал эми 10-апрелде ИИМдин 12 кызматкери иштен алынып, дагы 32си жазаланды — Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев жана Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов бар.

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Тергөөчү “сарсанаа болбогула, той жейсиңер” деп айткан». Айзаданын жакындары милицияга нааразы

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?