Чоң-Алай: Чек араны кесип өтүүгө аракет кылган үч тажик жараны кармалды

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит айылында үч тажик жараны 28-майга караган түнү кармалды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар кыргыз-тажик чек арасынан качып өтүүгө аракет кылган учурда жергиликтүү тургундар тарабынан кармалган.

«Алар Бишкек шаарынан такси менен Кара-Тейит айылына келип, чек арадан качып өтүүгө аракет кылган. Экөөнүн документи жок болгон. Алар Бишкекте кирпич заводунда иштегендигин жана паспорттору ошол жакта калгандыгын айтышкан. Ал эми бирөөсүндө Тажикстандын паспорту болгон», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле, кармалгандарды жергиликтүү тургундар «Карамык» чек ара завставасынын кызматкерлерине өткөрүп бергендиги маалымдалган.

Буга чейин Кыргызстан 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мындай чечим чек арадагы көйгөйлүү маселелер чечилгенге чейин кабыл алынганын маадымдаган.

Буга байланыштуу 25-майда Бишкек шаарындагы «Манас» аэропортуна Тажикстандын учагы менен келген 177 жаран өлкөнүн аймагына киргизилбей, учак кайра артка кайтарылган. Аэропорттогу тажикстандыктардын айрымдары «Озоди» басылмасына бийлик аларга чектөөлөр боюнча маалымат бербегендигин айтышкан.

Кийинчерээк Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, тажикстандыктарды Кыргызстанга барбоону жана өлкөнү транзит катары колдонбоону суранган. Тажик бийлиги өзүнүн жарандарына чет өлкөлөргө «үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтүүнү» сунуштаган.

Ошондой эле, Ош шаарынын аэропортунда Орусиядан депортация болуп келген Тажикстандын төрт жараны 25-майдан бери кармалып турат. Алардын үчөө аял, төртүнчүсү алты жашар кыз.

Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркагандыгын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жаңжалдан 87 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 19 киши набыт болгонун кабарлаган.

Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.