Ош аэропортунда кармалып турган тажик жарандары мекенине учуп кетти

Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / «Азаттык»

Ош эл аралык аэропортунда кармалып турган Тажикстандын үч жараны 29-майга караган түнү мекенине учуп кетти. Бул тууралуу «Клоопко» «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.

Маргарита Расулова, анын 6 жашар небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гордеева менен Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода Ошко келип жолуккан.

Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги «Азия-Плюс» басылмасына маалымдагандай, коңшу өлкөнүн жарандары кыргыз-тажик чек арасын кесип өтүшкөн. Басылма тажикстандыктар элчилик жана Кыргызстандын тиешелүү органдары тарабынан жүргүзгөн иштин натыйжасында мекенине кайтарылганын белгиледи.

Тажик жарандары Орусиянын Сургут шаарынан депортацияланып, 25-майда Ошко учуп келишкен. Расулованын айтымында, алар Тажикстандын Ходжент шаарына Ош аркылуу кетүүнү самаган. Анткени Кыргызстан аркылуу үйүнө жетүү жакын болгон жана аэропортто транзитке чектөө жок деп ишендиришкен.

Кыргыз-тажик чек арасында киргизилген чектөөлөр

Кыргызстандын министрлер кабинети 21-майдан тартып Тажикстандын жарандарына кыргыз-тажик чек арасы аркылуу кирип-чыгууга, чек ара аркылуу өтүүгө, өлкөдө турууга жана транзиттик жүрүүгө убактылуу чектөө киргизген.

Бул чектөөлөр Кыргызстан менен Тажикстандын, мындан сырткары, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү Кыргызстандын тийиштүү органдары менен алдын ала макулдашуудан кийин чек араны кесип өтө алышат.

Ошондой эле, чек арадан товарлардын ташыган жүк ташуучу унаалардын жана башка транспорттун кыймылы «Кулунду-Автожол», «Кайрагач-Автожол», «Кызыл-Бел-Автожол», «Бордобо-Автожол», «Карамык-автожол» өткөрүү пунктары токтотулду.

Ошол эле учурда Тажикстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары Кыргызстанга кайтып келе алышат, ал эми Кыргызстанда жүргөн тажик жарандары мекенине кыргыз-тажик чек арасындага өткөрмө пункттар аркылуу чыгып кете алышат.

23-майда министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун чек арага жакын айылдарынын тургундары менен жоолугушуусу учурунда киргизилген чектөөлөр «көйгөйлүү маселелердин чечилишине чейин» сакталат деп билдирген.

Тажикстандын Бишкектеги консулу Абубакр Шодиев кыргыз-тажик чек арасындагы чектөөлөр тууралуу аларга алдын ала кабар берилбегенине нааразы болгон. Ал эми чек ара кызматы алар министрлер кабинетинин токтомун гана аткарып жатканын билдиришип, ведомство Тажикстанга алдын ала кабар берүүгө милдеттүү эместигин жана бул алардын компетенциясына кирбей турганын айтышкан.

Киргизилген чектөөлөрдөн улам 26-майда Дүйшөмбү шаарынан Бишкектин «Манас» аэропортуна конгон «Сомон Эйр» чартердик учагы кайра Тажикстанга кайтарылган. Анын ичинде 177 тажик жараны болгон Ал эми тажикстандыктар менен кошо учуп келген башка өлкөлөрдүн тогуз жараны Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Кийинчерээк Тажикстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, тажикстандыктарды Кыргызстанга барбоону жана өлкөнү транзит катары колдонбоону суранган. Тажик бийлиги өзүнүн жарандарына чет өлкөлөргө «үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтүүнү» сунуштаган.

Тажик аскерлеринин агрессиясы

2021-жылдын 29-апрелинде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 154 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чырда жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркагандыгын маалымдаган.

Ал эми Тажикстандын расмий бийлиги жаңжалдан 87 тажик жараны жарадар болуп, анын ичинен 19 киши набыт болгонун кабарлаган.

Мындан сырткары, жаңжалда Тажикстандын жарандарына таандык 14 үй толугу менен жана үч үй жарым-жартылай бузулганын билдиришкен. Ошондой эле, бир курулуш жана бир мектеп жарым-жартылай жабыркаган.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин аскерий агрессия катары баалаган. Ошондой эле Кыргызстандын аскерлери коргонуу максатында гана курал колдонгонун белгилеп, Тажикстандын аймагындагы калктуу конуштарга жана башка объектилерге кол салбаганын маалымдаган.

Ок атууну биротоло токтотуу келишими 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчылары жолуккандан кийин мүмкүн болгон. Ал эми 3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик